Биз менен байланышыңыз

Карындашын коргоп, ок аткан адамдын ишин акыйкатчы көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 461 | 0

Карындашын кордогон адамды атып, өлтүрүп алууга шектелген адамдын ишин Акыйкатчы институту көзөмөлүнө алат. Бул маалыматты акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ал ок аткан жарандын бөгөт чарасы сотто бүгүн караларын белгилеп, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мониторинг жүргүзөрүн, карындашынан арыз алынарын билдирди.

Ошондой эле Ички иштер министрлигине шектүүнү психологиялык экспертизадан өткөрүү өтүнүчүн оозеки бергенин, ишти Башкы прокуратура да көзөмөлүнө алганы боюнча маалымат түшкөнүн кабарлады.

Айта кетсек, кечээ, 1-июлда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда 1986-жылы туулган Д.З. аттуу жаран карындашын коргоп, 1975-жылы туулган И.Р.ны газ-травматикалык тапанча менен атып өлтүрүп алганын маалымдап, окуянын алдын ала версиясы менен бөлүшкөн.

Чүйдүн тургуну карындашын кордогон адамды атып, өлтүрүп алды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM