Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн тургуну карындашын кордогон адамды атып, өлтүрүп алды

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 243 | 0

Токмок шаарынын тургуну карындашын кордогон адамды атып, өлтүрүп алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Чүй РИИБине бүгүн, 1-июлда саат 8:30да «Бишкек-Торугарт» унаа жолунда эркек киши октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барганда 1975-жылы туулган И.Р.нын жасатына туш болушкан. Анын «Тез жардам» кызматы келгенге чейин эле каза болуп калганы аныкталган.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, эртең мененки саат 7:45 чамасында 1989-жылы туулган Ж.А. Токмок шаарындагы аялдамалардын биринен жол тосуп, 1975-жылы туулган И.Р. айдаган унаага отурган. Айдоочу бир аз жүргөндөн кийин жол четине токтоп, асыла баштаганда, кыз унаадан түшө качкан.

Кыз качып келип, ошол жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага түшкөн. Ал унаа менен кетип баратып, агасына чалып, окуя тууралуу айтып берген. Ал маалда И.Р. кыз түшкөн унааны кууп жетип, астын торой токтотуп, Ж.А.ны чачынан сүйрөп, ур-соккуга алган. Ошол учурда кыздын агасы келип калып, газ-травматикалык тапанча менен И.Р.ны атып жиберген.

Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, ок атууга шектүү катары 1986-жылы туулган Д.З. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM