Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Октябрь окуясына айыпталгандар боюнча сот эркин чечим чыгарды

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 356 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Октябрь окуясына айыпталгандардын акталышы жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мындай пикирин мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Ал «Октябрь окуясына айыпталып, камакта жаткан саясатчылар менен соодалашуу болгон» деген пикирлерди четке кагып, соттордун ишине таптакыр кийлигишпегенин айтты.

«Эч кандай соодалашуу болгон жок, бирөөнү да кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма: «Соттордун ишине кийлигишпегиле», — деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да: «Кандай иш карасаңар да, мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот», — деп айткам. Мындан ары мурдагыдай «ак үйдөн басым-кысым болду» демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт», — деди мамлекет башчы.

Айта кетсек, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өткөн. Анда судья окуяга айыпталып жатышкан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду, саясатчы Жеңиш Молдокматовду, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаевди, «Социал демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду «ишинде кылмыштын курамы жок» деген негизде актаган. Фарид Ниязов сот залынан дароо эркиндикке чыгып, Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук иштен улам камакта калтырылган.

Октябрь окуясы боюнча айыпталган саясатчылар акталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM