Биз менен байланышыңыз

Президент: Тышкы карызды кечиктирбей төлөгөнгө күчүбүз жетет

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 542 | 0

Тышкы карызды бир күн да, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз бар. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Кабарчы Акылбек Жапаровдун Жогорку Кеңештин трибунасында айткандарына таянып, «Төлөй албай калуу коркунучу барбы?» деген суроо салды.

Ага мамлекет башчысы кабатырланууга эч негиз жоктугун, кечиктирбей төлөгөнгө күчү жетерин билдирди.

«Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайы колдобой, каршы чыгып жатышпайбы. Ошолорго тиешелүү айтылды деп билсеңиздер болот. Ал айтып жатат: «Сырткы карызыбыз бар экенин унутпаңыздар. Быйыл 270 млн доллардын тегерегинде карыз төлөйбүз. Ошондуктан киреше булактарга тиешелүү мыйзамдарды колдоп берип туруңуздар, 5-10 тыйын болсо да жардам болсун», — деп. Кечээ парламентке барганда мен да депутаттардан сурандым», — деди Садыр Жапаров.

Айта кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңештин трибунасында өлкөнүн ички жана тышкы карыздары тууралуу маалымат берген. Ал Кытайга болгон карызды төлөй албай калсак, анда Бишкек ЖЭБинин, Датка-Кеминдин, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу башка бирөөнүн колуна өтөрүн эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM