Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын 47 миң жараны Орусиянын «кара тизмесинен» чыгарылды

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 370 | 0

Орусияда эмгектенген 47 миң кыргызстандык «кара тизмеден» чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Маалым болгондой, Тышкы иштер министрлиги ушул жылдын май айында Орусия тарап менен «тыюу салуулар» боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын натыйжасында майда чекилик кетирген Кыргызстандын 47 миң жаранынан чектөөлөр алып салынган.

Учурда дагы 35 миңге чукул мигранттын «кара тизмеде» турганы, алардын ичинде соттун чечими менен Орусиядан чыгарылгандар да бар экени айтылат маалыматта.

Эмгек мигранттары Орусияда жүрүү макамын Орусия ИИМинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын сайтынан текшерип турса болот.

Copyright © 2017 Maral FM