Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов парламент кабарчыларына сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 390 | 0

Кечээ, 1-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөлөрү жана парламенттин ишин чагылдырган кабарчы-журналисттер менен жолукту.

Журналисттердин коомго жасаган эмгеги зор экенин баса белгилеген төрага: «Сиздердин ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздердин арты менен жарандарыбыз өлкөдөгү окуялардан кабардар болуп келет. Андыктан, сиздерге калкты бейтарап жана калыс маалымат менен камсыздоо милдети жүктөлгөн», — деди.

Аны менен бирге Талант Мамытов журналисттерди чынчыл, адилет болуп, бардык ишти акыйкат чагылдырууга, коомго туура маалымат жеткирүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда бир катар журналисттерге Жогорку Кеңештин «Ардак грамотасы», төраганын энчилүү сааты жана «Ыраазычылык каты» тапшырылды. Ошондой эле Журналисттер союзун колдоо максатында төраганын резервдик фондунан 100 миң бөлүнүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM