Биз менен байланышыңыз

Нарын: Ат-Башыда изделип жаткан 50 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 1813 | 0

Кечээ, 30-июнда Ат-Башы районунда изделип жаткан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

28-июнь күнү 1972-жылы туулган И.К. Ат-Башы районунун Жаңы-Жер жайлоосунан мал издеп чыгып, кечинде аты келип, өзү келбей калган.

Кечээ, 30-июнда ӨКМдин Ат-Башы райондук бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам издеп, жоголгон адамдын сөөгү Таш-Тумшук тилкесинен, Ат-Башы суусунун жээгинен табышкан.

Нарында 80деги карыя, Ат-Башыда 50дөгү адам изделип жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM