Биз менен байланышыңыз

Нарында 80деги карыя, Ат-Башыда 50дөгү адам изделип жатат

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 836 | 0

Нарында 80деги карыя, Ат-Башыда 50дөгү адам изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

28-июнда 1972-жылы туулган И.К. Ат-Башы районунун Жаңы-Жер жайлоосунан мал издеп чыгып, кечинде аты келип, өзү келбей калган. Жоголгон адамды Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 9 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 адам издеп жатышат.

Кечээ, 29-июнда 1942-жылы туулган Т.Ж. Нарын шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. ӨКМден беш куткаруучу барып, карыянын кийимдерин Нарын дарыясынын жээгинен табышкан. Издөө бүгүн да уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM