Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш регламентин кабыл алып, жайкы эс алууга тарады

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 246 | 0

Депутаттар бүгүн, 30-июнда «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамды экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алышты.

Айта кетсек, бул мыйзам долбоору VI чакырылыштын депутаттары тарабынан каралып, биринчи окууда кабыл алып беришкен. VII чакырылыштын депутаттары жарым жылдан бери маселе көтөрүп, бирок ал экинчи, үчүнчү окууга коюлбай келген.

Кечээ, мыйзам долбоору экинчи окууда каралган. Убакытка байланыштуу мыйзамды кабыл алуу жылдын акыркы сессиянына калтырылган.

Регламент — парламенттин түзүмүн, курамын, иштөө тартибин, депутаттардын ыйгарым укуктарын, дагы башка көптөгөн жагдайларды конституциялык негизде жөнгө салуучу убактылуу эрежелердин жыйындысы.

Депутаттарга жаңы регламент: Жумушка он күн келбесе, мандатсыз калат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM