Биз менен байланышыңыз

Депутаттарга жаңы регламент: Жумушка он күн келбесе, мандатсыз калат

Саясат | 29 Июн 2022 | 3458 | 0

29-июнда «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланды. Аны VI чакырылыштын депутаттары демилгелеп, биринчи окууда кабыл алган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет караган.

Депутат Марлен Маматалиев мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берди:

— Мыйзам долбоорлоруна депутаттар добушун бармак изи же Face ID аркылуу гана добуш бере алат, депутат ансыз жыйынга катышууга каттала да албайт. Муну менен бири-бирине добуш берүүгө, жыйынга катышпаган депутаттардын ордуна кнопка басып коюуга бөгөт коюлат. Бул механизмди ишке ашыруу үчүн Корея мамлекети гранттык негизде каражат бөлүүдө.

— өзгөчө кырдаал болуп, карантин киргизүү чечими кабыл алынып калса, Жогорку Кеңештин ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн онлайн платформалар аркылуу жыйын өткөрө берүү сунушталууда.

— мыйзамдарга ишеним кат аркылуу добуш берүү жоюлат.

— добуш берүүдө «макул», «каршы», «калыс» деген чечимдерди тандоо керек, добуш бербей койсо, депутаттын компьютери өчүрүлөт.

— депутаттык топ түзгөнгө болот, курамы 7ден кем эмес болушу керек.

— расмий чечмелөө. Мыйзам долбоорлорун чечмелөөгө шарт түзүлөт.

— депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлап, Акыйкатчы, Эсептөө палатасынын, Улуттук банктын, Башкы прокурордун отчётун уга алат.

— Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жана жетекчисинин ишмердүүлүгүнө баа берип, жумуштан кетирүүгө сунуш бере алат.

— БШК бир жылда бир жолу парламентте баяндама жасайт.

— депутат жыйынга 10 күн эч себепсиз катышпай коё турган болсо, дароо мандатын тапшырууга мажбур болот.

— депутаттын мандатын кайра чакыртып алуунун жолдору оорлоштурулду. Мисалы, бир мандаттуу округдардан шайланып келген эл өкүлдөрүнө өзүнүн округундагы шайлоочулардын 50% колу керек. Ал шайлоочулар ошол округда бир жылдай жашаганы эске алынат. Андан кийин Жогорку Кеңешке келет. Парламентте комиссия түзүлүп, чечим жалпы жыйында кабыл алынат.

Партиялык тизме менен келгендердин мандаты башка норма менен алынат. Алар 70 миңден ашуун кол топтошу керек. Реалдуу шайлоочулардын добуштары топтолуп, партиянын, Жогорку Кеңештеги комиссиянын жана жалпы палатанын чечиминен кийин гана мандат алынат.

Андан тышкары бир топ редакциялык өзгөртүүлөр бар.

— Менин оюм боюнча мыйзам долбоорлоруна добуш берүү же жыйынга катталуу бармак изи, Face ID аркылуу гана боло турган механизм иштесе, кворум дайыма болуп, жумуш жакшы жүрөт. Дароо добуш берип, талаш-тартыштар болбойт. Мындан тышкары мандатты чакыртып алуу да оңой болбошу керек, эл бергенден кийин эл чечет», — деди Маматалиев.

Комитеттер боюнча регламент

— Комитет мүчөлөрүнүн саны сегизден кем эмес болушу керек.

Учурда кээ бир комитеттердин саны алтоо бойдон калган, анын бири төрага, экөө орун басары, жөнөкөй мүчөлөрү экөө гана болууда.

— Чоң фракциялар бештен кем эмес өз өкүлүн бере алат.

Парламент алты айдан бери эски регламент менен иштеп келген. Азыр жаңысын шашылыш кабыл алуу керектигин көпчүлүгү айтышты.

ЖК: Мүлктү мыйзамдаштыруу мыйзамына добуш берүү талаш жаратты

…Мадумаров менен Масалиев добуш берүүгө бойкот жарыялашты

Эски регламент боюнча, мыйзам долбоорлоруна каршы болгон депутат добуш берүүнү үзгүлтүккө учурата алат. Бирок бул ыкма «казино» тууралуу мыйзамды кабыл алууда иштебей калган.

Ал эми Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев жеке адамдардын мүлкүнө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбооруна добуш беришкен жок жана бул жалпы добуш берүүгө тоскоолдук жаратты.

Спикер Талант Мамытов мыйзам долбоорун бир нече жолу добушка койду. Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов нааразычылыктардан улам маселени добуш берүүдөн алып салууну суранды.

Депутат Балбак Түлөбаев бул чечимге макул болбой жыйын залынан чыгып кетти, ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутаттарды өз позициясын билдирип, мыйзам долбооруна «макул» же «каршы» добуш берүүгө чакырды.

Бир топ нааразылыктан кийин парламент «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна добуш берүүнү кийинки отурумга жылдырды.

Парламентке жаңы ноутбуктар алынат

Жаңы регламент талкууланып жатканда көпчүлүктү «бармак изи же Face ID аркылуу гана добуш берүү» пункту кызыктырды.

Депутат Жанарбек Акаев бул ыкма кандай иштеп кетерин сурады.

— Мына азыр алдыңыздарда ноутбук турат. Бирок бул эски, андай функцияны киргизе албайбыз. Корея мамлекети бөлгөн гранттын негизинде бул ноутбуктар жаңысына алмаштырылат. Уюлдук телефонду блокировкага койгондо ачылбагандай эле, сиздин ноутбук да Face ID болбосо ачылбай калат. Өзүңүз келип, жүзүңүз же бармак изиңиз менен ача аласыз, ошондо гана жыйынга каттала аласыз. Сүрөтүңүздү көтөрүп келсе да ачпай коёт», — деп түшүндүрдү Марлен Маматалиев.

Депутат Бактыбек Сыдыков депутаттардын каникулга тарашы жана шайлоочулар менен иштөө тартиби боюнча маселе көтөрдү.

«Бизде баары түшүнүксүз. Каалаган учурда шайлоочулар менен иштөөгө кетип калабыз. Келгиле муну да регламент менен бекители. Мисалы, атайын бир датаны белгилейли. Бир мандаттуу округдан келген депутаттар үчүн шайлоочулар менен бир жума иштөө аздык кылат. Кээ бирлеринин 13 айыл өкмөтү бар, бир жума эч нерсеге жетпейт. Күз, кыш, жаз айларында шайлоочулар менен жолугушууга эки жума убакыт бөлүү туура болот. Ошондой эле депутаттардын каникулун кыскартып, сессиянын мөөнөтүн 15-июлда бүтүрүүнү сунуштайм. 1-августка чейин шайлоочулар менен жолугушууну белгилейли, бул адилеттүү болмок», — деди Сыдыков.

Марлен Маматалиевдин айтымында, Башмыйзамда 1-сентябрдан июнь айынын аягына чейинки мезгил сессиялык мезгил болуп эсептелери жазылган. Июль айы шайлоочулар менен жолугушуу, август эс алуу күндөрү болуп эсептелет.

…Парламентте интрига көбөйдү

Жогорку Кеңештин регламенти менен бирге этика боюнча да комиссия түзүү керектигин депутат Айсара Абдибаева айтып чыкты. Ал этика боюнча комиссия түзүү практикасы көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органдарында бар экенин белгиледи.

«Бардык жерде талаш-тартыш болот. Биз жакшы жакка өзгөрөбүз деп убада бергенбиз, бирок акыркы убакта иштөөгө мүмкүн болбой калды. Парламент интригалардан башы чыкпайт. Этика боюнча комиссия түзүп, ар бир фракциядан, «Элдик» депутаттык топтон бир аял, бир эркек депутат кириши керек. Бул комиссия депутаттардын өзүн кандай алып жүргөнүнө көз салат» , — деди ал.

Талкуу маалында фракцияга жана топко кирбеген депутаттардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, каттоо жана добуш берүү жараяндарына заманбап технологияларды киргизүү, «калыс» деген позицияны алып салуу, беш депутаттан турган депутаттык топторду түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү сыяктуу сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бир күн мурун «Адилет» юридикалык клиникасынын юристтери депутаттарды жаңы ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу бардык процедураны одоно бузууга алып келерин айтышкан.

Алардын талдоосунда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бардык мыйзам чыгаруу демилгелери базалык документтери жок мыйзамсыз экенин белгилешти. Жаңы регламенттин долбооруна ылайык, бардык мөөнөт бузулганы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM