Биз менен байланышыңыз

ЖК: Мүлктү мыйзамдаштыруу мыйзамына добуш берүү талаш жаратты

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 988 | 0

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында депутаттар «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш беришти. Долбоор капиталды легалдаштырууну көздөйт.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев жеке адамдардын мүлкүнө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбооруна добуш беришкен жок жана бул жалпы добуш берүүгө тоскоолдук жаратты.

Спикер Талант Мамытов мыйзам долбоорун бир нече жолу добушка койду, бирок Мадумаров менен Масалиев добуш берген жок. Аларга эл өкүлдөрү Эльвира Сурабалдиева менен Динара Ашимова да кошулду.

Масалиев мыйзам долбоорлоруна каалаган убакытта добуш берүү мүмкүн эместигин, бул процедуранын белгилүү бир убактысы бар экенин эскертти.

Депутат Мадумаров мыйзам долбоорунда эмне өзгөртүүлөр киргизилип жатканын да так айтпай добуш бериле бергени адатка айланганын сындады.

«Мыйзам долбоору качан талкууланды, кимдин эсинде эмне калды, эмне өзгөртүү киргизилди, жок дегенде комитеттин чечимин угузуп койбойсуңарбы?» , — деди Мадумаров.

Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул эки мыйзам долбоорлору комитет жыйынында талкууланганын, ал жыйындан Мадумаров эрте кетип калганын, тийиштүү маалыматтарды өзү окуп алышы керектигин айтты.

Депутат Дастан Бекешев да «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору талкууланганын, ал жыйынга 15 гана депутат катышканын айтты.

Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов эки депутаттын нааразычылыгынан улам маселени добуш берүүдөн алып салууну суранды.

Мадумаров менен Масалиев добуш берүүгө бойкот жарыялашты, анткени регламент боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн депутаттар добуш бериши керек.

Депутат Балбак Түлөбаев бул чечимге макул болбой жыйын залынан чыгып кетти, ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутаттарды өз позициясын билдирип, мыйзам долбооруна макул же каршы добуш берүүгө чакырды.

Бир топ нааразылыктан кийин парламент жогоруда айтылган мыйзам долбоорлоруна добуш берүүнү күн тартибинен алып койду.

Copyright © 2017 Maral FM