Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү пляжда мушташ чыгарууга шектелген адам 20 күнгө камалды

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 325 | 0

Ысык-Көлдөгү «Радуга» пансионатында мушташ чыгарууга шектелген адам камакка алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Чечимди Ысык-Көл райондук соту чыгарган. Эми ал 20-июлга чейин абакта болот.

Кечээ, 29-июнда жергиликтүү тургундар менен «Радуга» пансионатынын коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан видео социалдык тармактарга тараган.

Маалыматка караганда, жергиликтүүлөрдүн бири пансионатта конок сыйлап жаткан. Коноктордун бири көлгө жакын жерге барып заара ушаткан. Муну көргөн коопсуздук кызматынын өкүлү эскертүү берген. Бирок тараптар айтыша кетип, мушташканга чейин барышкан.

Пляжда заара ушаткан. Пансионаттагы мушташтын себеби айтылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM