Биз менен байланышыңыз

Пляжда заара ушаткан. Пансионаттагы мушташтын себеби айтылды

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 273 | 0

Ысык-Көл облустук милициясы Сары-Ой айылындагы пансионаттын пляжында болгон мушташ эмнеден келип чыкканы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, жергиликтүүлөрдүн бири пансионатта конок сыйлап жаткан. Коноктордун бири көлгө жакын жерге барып заара ушаткан. Муну көргөн коопсуздук кызматынын өкүлү эскертүү берген. Бирок тараптар айтыша кетип, мушташканга чейин барышкан.

Бүгүн, 29-июнда жергиликтүү тургундар менен «Радуга» пансионатынын коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан видео социалдык тармактарга тараган.

Саат 12:50 чамасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат түшкөн. Ал каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана милициянын ыкчам бөлүмү барган.

Мушташкан жана ага аралашкан 18 адам Ысык-Көл РИИБине жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM