Биз менен байланышыңыз

Президент «кумарканалар» боюнча мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 797 | 0

Президент Садыр Жапаров кумарканаларды ачууга байланышкан мыйзамдарга кол койду. Маалымат өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Мыйзамдар «Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө» жана «Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деген аталыш менен кол коюуга киргизилген.

Сайттагы түшүндүрмөдө мыйзамдардын максаты инвестиция тартууга жагымдуу шарт түзүү аркылуу бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү  экени, оюнчулар мыйзамда аныкталган адамдар, тагыраагы, 21 жаштан өйдөкү чет элдиктер гана болору жана башка ушул сыяктуу бир катар көрсөткүчтөр жазылган.

Ошол эле учурда оюн жайдын ээлери мыйзам менен белгиленген юридикалык жактар болуп, Министрлер кабинети тарабынан 10 жылдык мөөнөткө берилген лицензия менен иш жүргүзөт. Оюн имараттары балдар бакчасынын, мектептердин, ЖОЖдордун, башка окуу мекемелеринин, медициналык жана диний мекемелердин, маданий мекемелердин, ошондой эле турак жайга жайгаша албайт.

Андан тышкары бир оюн столу үчүн 2022-жылы 750 миң сом, 2023-жылы 100 миң сом, 2024-жылдан тарта 1 млн 250 миң сом салык алынары жазылган.

Айта кетсек, мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, Жогорку Кеңеш 2022-жылы 22-июнда бир катар талаштардын коштоосунда кабыл алып берген.

Copyright © 2017 Maral FM