Жалал-Абад шаарында 35 адам ууланган «Ага-ини» тез татым жайына айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Жалал-Абад шаарында 27-июнь күнү «Ага-ини» тез татым жайынан тамактанган жарандар ууланганы белгилүү болду. Окуяга байланыштуу бүгүн, 30-июнда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери менен жыйын өткөрдү.
Анда аба ырайы кескин жогорулап жаткандыктан шаардагы тез татым, бат бузулуучу эт-сүт азыктарын, жер-жемиштерди көзөмөлгө алып, тез арада рейддерди өткөрүү боюнча тапшырма берилди.
Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан аталган тез татым жайы жабылып, 7,5 миң сом айып салынды.
Уулангандардын 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгерлер бейтаптардын абалы туруктуу экенин билдиришти.