Биз менен байланышыңыз

Юрий Шатуновдун көзү өткөндөн кийин акыркы ыры жарыяланды (видео)

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 1447 | 0

Орусиялык ырчы, «Ласковый май» тобунун мурдагы солисти Юрий Шатунов 23-июнда 48 жашында каза болду. Ал бир жума мурун эле «Каждому своё» деген ырын жаздырган.

Ыр Шатуновдун жакында чыга турган альбомуна киргизилиши керек болчу, бирок өзүнчө, сингл катары чыгарууну чечишкен.

Юрий Шатунов жүрөгү кармап көз жумганы айтылды. Ал эми Орусиянын бир катар басылмалары ууландарылганын жазышууда.

Юрий Шатунов 1973-жылы Башкырт АССРинде туулган. 3 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, алгач таятасынын, кийин өгөй атасынын колунда тарбияланган. 11 жашында апасы каза болуп, Валентина Тазекенова аттуу мугалим багып алган.

Валентина Тазекенова 1985-жылы Орусиянын Оренбург шаарындагы №2 мектеп-интернатка директор болуп которулганда, Юрий да кошо келген. 1986-жылы Сергей Кузнецовдун эстрадалык тобуна кошулуп, ошондон тарта жылдызы жанган. Элге белгилүү ырлары: «Ак розалар», «Жай», «Түн болсун», «Боз түн», «Эрип жаткан кар» жана башкалар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM