Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Анда кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативтик жолугушуусу жөнүндө сөз болду.
Президенттер эки мамлекет жана элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.