Биз менен байланышыңыз

Депутат Туризм фондунун жетекчиси Калашникованы кыргызча билбегени үчүн сындады

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 1443 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламенттин 30-июндагы жыйынында «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фондунун жетекчиси Елена Калашникованы мамлекеттик тилди билбегени үчүн сындады.

Ал Кыргызстанда 25 жылдан бери жашаганы менен кыргыз тилинде саламдашууну да билбесе, анда кантип кыргыз туризмин өнүктүрөрүнө кызыкты.

Елена Калашникова Кыргызстандын туризмин өлкөнүн чет жактарына таанытууну максат кыларын, эгер керек болсо кыргыз тилин үйрөнөрүн айтты.

Депутат: «Эмне үчүн сиз дагы деле кыргыз тилин билбейсиз? Жок дегенде кандайдыр бир жол менен үйрөнүүгө аракет кылып жатканыңызды билдириңиз. Ушундай кызматта туруп мамлекеттик тилди билбегенден уялуу керек. Биз эл өкүлдөрү катары муну сизге айтышыбыз керек. Бул сизге минус», — деп зекиди.

«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому быйыл март айында түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM