Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар кыргыз-түркмөн кызматташтыгын кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу, пландалган эки тараптуу визиттердин графиктери боюнча пикир алмашышты.
Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду 65 жаш мааракеси менен куттуктап, анын талыкпаган эмгеги жана мекенчилдиги Түркмөнстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен өлкөнүн эл аралык аренадагы чоң жетишкендиктерине жол ачканын белгиледи.
Ошондой эле эки өлкө ортосундагы бир туугандыкты, ынак коңшулаштыкты, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.