Биз менен байланышыңыз

Арслан Койчиев Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болду

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 273 | 0

Арслан Койчиев Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Буга чейин президенттин Жарлыгынын негизинде Арслан Койчиев Президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган.

Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп 2021-жылы февраль айында дайындалган.

Ал — тарыхчы, жазуучу, журналист жана публицист. «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикменин вице-президенти. «Токтогулдун маданий мурасы» коомдук фондунун президенти.

Арслан Койчиев 1965-жылы 29-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул кыштагында туулган.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, аспирантураны, Лондон университетинин Чыгыш таануу жана Африканистика мектебин (School of Oriental and African Studies, University of London) аяктаган.

Тарых илимдеринин кандидаты.

1991-1993-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылына (КДК) мүчө болгон.

1994-96-жылдары «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги кабарчысы болуп иштеген.

1996-2010-жылдары ал Би-Би-Си дүйнөлүк кызматындагы Кыргыз кызматынын продюсери болгон.

Арслан Койчиевдин «Мисмилдирик«(Беделдеги каргыш) романы 1916-жылдагы кыргыздын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган. Бул роман 2010-жылы Бишкек шаарында кыргыз тилинде чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM