Биз менен байланышыңыз

Бишкекте топчу жана мык чыгарган эки ишкана ачылат

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 686 | 0

Бишкек шаарында «Кыргыз топчу» жана «Кыргыз мык» аталышындагы эки ишкана ачылат. Бул тууралуу «Кыргыз индустрия» ААКнын төрагасы Жарасул Абдураимов парламенттин 29-июндагы жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө тигүүчүлөр топчу менен сыдырманы чет жактан 10 млн долларга алып келишет. Ошондуктан «Кыргыз топчусун» уюштуруп, ал үчүн «РСК банктын» күрөөдө турган имаратын алуу пландалууда. Ал эми мык чыгарган ишкананы «Фрунзе» заводунун аймагына ачуу каралып жатканы айтылды.

«Кыргыз индустрия» ААКы былтыр декабрь айында түзүлгөн, ишмердүүлүгү мартта башталган.

29-июнда парламенттин депутаттарына 14 артыкчылыктуу ишканаларды түзүү боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM