Биз менен байланышыңыз

«Кут билимдин» 3 бүтүрүүчүсү ЖРТдан «Алтын сертификат» алды

Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө «Алтын сертификатка» 57 окуучу татыды. Алардын катарында «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүлөрү да бар.

Актилек Шекенов – «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин Жети-Өгүз районундагы мектебинин бүтүрүүчүсү. ЖРТдан 223 упай топтогон.

Ал мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн эрте эле камдана баштаганын билдирди:

«Жакшы даярдык көрсөң, «Алтын сертификат» алганга мүмкүн экенине ишенгем.  Андыктан тогуз ай бою даярдандым. 35-40ка жакын сынамык тест жаздым,  андан тышкары ЦООМОнун (Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору — ред.) алты тестин жаздым. Аналогия боюнча тесттерди түздүм. Аз калганда көп убакыт даярданганча, бир нече ай мурун күндө аз-аздан даярданууну сунуштайм».

Келечекте дарыгер болууну самап, химия-биология сабактарынан кошумча тест тапшырган. Бирок азыр Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) программалоо тармагын тандоону ойлонуп жатат.

Төлөнбек Абдыбеков — Актилек менен классташ. Тестирлөөнүн жыйынтыгында 222 упайга ээ болгон.

Республика боюнча мыкты окуучулардын катарындагы Төлөнбек Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын кулуну. Ал «Алтын сертификатка» жетүүгө да, жетпей калууга да өзүн психологиялык жактан даярдаганын айтып, тапшыруу учурунда кандай сезимде болгонун баяндады.

 «Тест тапшырууга кире электе коркуп жаткам. Бирок суроолору менен таанышкандан кийин өзүмө болгон ишеним артты. Мындай жыйынтыкка жетүүгө мектебимдин мугалимдеринин эмгеги чоң».

Андан тышкары билим берүү борборунун биринде сабак берген мугалимдердин кошкон салымын баса белгилеп, келечекте программист болгусу келгенин кабарлады. Төлөнбек БААУну же «Ала-Тоо» эл аралык университетин тандагысы келип турганын, бирок алдыда планы өзгөрүп кетиши да мүмкүн экенин кошумчалады.

Орозбек Абдумаматов — «Кут билим» окуу-тарбия комплексинин Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мектебинин бүтүрүүчүсү. Тестирлөөдөн 222 упай алган.

Ал буга чейинки «Алтын сертификат» 220дан жогорку упай алгандарга гана берилерин билгенде, өзүнө ишеними жоголо түшкөн. Себеби баштапкы сынамык тесттеринин жыйынтыгы 200-205 упайдан ашпай турган.

«Эч качан кеч деп ойлобогула жана ишти аягына чейин кылгыла. Мисалы, ЖРТга 3 күн калганда грамматиканын бир темасын жаттагам. Кийин ЖРТ учурунда ошол темадан 2-3 суроо келди. Эгерде ошол теманы билбесем, «алтын» албайт элем». 

Орозбек да замандаштары сыяктуу программист болууну каалайт.

«Программалык камсыздоо инженери болом деп чечкем. Азыркы учурда АКШнын North American университетине тапшырып жатам».

АКШнын бул университетин тандоо себебин ЖРТ жыйынтыгына жараша стипендия берилери, тагыраак айтканда, 90%га чейин жеңилдик алса болору менен түшүндүрдү.

«Кут билим» окуу-тарбия комплекси — кыргыз ишкерлеринин каржылоосунда ачылган менчик мектеп. 2012-жылдан бери ишмердигин жүргүзүп келет. Алгач Аламүдүн районунун Байтик айылында окутууларын баштаган. Кийинчерээк Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында филиалы уюштурулган.

Комплекс жатак мектеп тибинде уюштурулуп, Чүй облусундагы корпусу 360 окуучуга, Ысык-Көл облусундагы корпусу 250 окуучуга ылайыкташкан. Билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлүп, кошумча чет тили катары орус, англис, араб тилдери тереңдетилип окутулат. Андан тышкары бир нече билим берүү жана чыгармачылык, спорттук ийримдер иштейт. Окуучулар 7-класстын базасында атайын сынак менен тандалып алынат.

ЖРТ-2022: Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси

1 пикир

1 пикир

  1. Улан

    28.06.2022 22:45

    Сонун малымат учун марал радиосуна терен ыразычылык. КУТ БИЛИМ мектебине дагы да кобуроок окуучуларды тарбиялап остуро бергиле демекчимин, мектеп жетекчилигине мугалимдерге айтарым эмгек менен Эл когорот. Рахмат силерге кыргыз ишкерлер.Ишинерге Алла береке берсин Омиин.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM