Саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова 11-июлга чейин камакта калтырылды.
Мындай чечим Ысык-Көл облустук сотунда кабыл алынды.
Мээрим Тилекова Караколдогу тергөө абагында кармалууда. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде 17-майда кармалган.
14-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору 100 миң сом пара алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Анын жанында министрдин кеңешчиси да болгону айтылган.
Алымкадыр Бейшеналиев бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.