Биз менен байланышыңыз

Сокулук районунда үй өрттөнүп, 16 жаштагы бала каза тапты (видео)

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 660 | 0

Чүй облусунун Сокулук айылында үй өрттөнүп, 16 жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 28-июнда болгон. Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Тынчтык көчөсүндө №46 үй өрттөнүп жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Жерине райондон эки бөлүм өрт өчүрүүчү барып, саат 11:31де өчүрүп бүтүшкөн.

Кырсыктан 71 жаштагы И.Н. аттуу кемпир уугуп калган. Ал учурда райондук оорукананын кардиология бөлүмүндө дарыланып жатканы айтылды. Андан тышкары 2006-жылы туулган К.А. аттуу бала каза тапкан. Анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM