Биз менен байланышыңыз

Кубанычбеков: Лагерь жети облустун ынтымагын арттырууну көздөйт

Блог , Маек | 28 Июн 2022 | 10287 | 0

«Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду Кыргызстандын жети облусунан келген 140 баланы Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы Hollywood Camp жайкы лагеринде эс алдырууда. Быйыл өзгөчө басым Баткен облусуна жасалып, анын ар кайсы айылынан 61 бала келген. Калган облустардан 11ден бала алып келинди. Жыл сайын аталган фонд тарабынан уюштурулуучу лагерге кимдер барып, кимдер тарабынан каржыланып, кандай эс алуу уюштурулат? Эс алууга барган балдардын тилек-максаты кандай? Бул суроолордун айланасында аталган фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков менен маек курдук.

— Айдар мырза, Кыргызстандын жети облусунан 140 баланы кандай максатта чогултуп, эс алдырып жатасыздар?

— Быйыл жайкы лагерди жетинчи жолу уюштуруп жатабыз. Ар бир облустагы ата-эне мээриминен ажырап калган балдарды чогултуп, аларга шык-дем берип, өзүнө болгон ишенимин жогорулатып, алдыда жакшы жолго багыттап, жаңы нерселерди үйрөтүү, кичинекей кезинен бөлүнбөй, биргеликте чоңойтууга кам көрүү максатында уюштуруп жатабыз. Ошол себептен жети облустан тең алынат да, бөлмөлөргө да ар бир облустан бирден бала кылып аралаштырылат. Мунун максаты: кичинекей кезинен бөлүнбөй, биргеликте чоңойтууга кам көрүү. Атайын педагогдорду, адистерди чакырдык, алар балдар менен чогуу иш алып барат.

Мунун натыйжасын азыр дароо ала албайбыз. Бизде тилекке каршы, адамдар шашма болот, бир жыйынтык күтөт. Жок, мунун үзүрүн балким 10-15 жылдан кийин алышыбыз мүмкүн. Бирок азыртан баштап, балдарыбызга, кыздарыбызга инвестиция кылуу өтө маанилүү.

— Балдардын эс алуусу кимдер тарабынан каржыланып жатат?

— Ооба, бул чоң чыгым. Аны биз издеп табышыбыз керек. Ошол эле учурда балага инвестиция болот, маанилүү деп биздин акциябызга ишеним артып колдогондор да бар. Негизи бир жылда бир жолу өткөрөбүз. Быйыл балдардын жайкы лагери Америкада иштеген кыргызстандыктар тарабынан каржыланды. Эң чоң жардамды Tez Jet авиакомпаниясы көрсөттү. Алар алыскы аймактардан келаткан балдарга атайын учак бөлүп берип, 91 бала учуп келди. Эс алуудан кийин дароо Ысык-Көлдүн аэропортунан кайра учуп кетишет. Балдарыбыз кыйналбай келишти.

— Алыскы аймактардан балдарын жиберген ата-энелер эң көп коопсуздугуна тынчсызданышат. Бул жаатта кандай иш алып барып жатасыздар?

— Бул жаатта ИИМдин кайгуул кызматына ыраазычылык билдирип кетели. Бишкектен баштап Ысык-Көлгө чейин балдарды коштоп келишти. Кайра ошентип алып кетет. Бул жакта 11 балага бир тарбиячы коюлган. Лагердин да куткаруучулары бар. Ар тараптан балдардын коопсуздугун эске алганбыз. Кудайдын буйругу менен 2015-жылдан бери бир да кырсыгы жок өткөрүп келебиз. Кудай Таала кырсыктын бетин ары кылсын. Эми болот кээде, мисалы, топ ойноп жатып жыгылышы мүмкүн, анын баары эске алынган. Быйыл атайын медициналык кызматкерди өзүбүз менен чогуу ала келгенбиз. Ошол эле учурда тээ Баткенден бери биринчи медициналык жардамды көрсөтө алган атайын врачтар коштоп келет. Биз баарын эске алуу менен даярдыкта жүрөбүз.

— Эс алууга келген балдарын каалоолору, максаттары кандай? 

— Балдардан сураштырып көрсөм, 90%ы учакка биринчи жолу отуруп, кемеге да биринчи жолу түшкөн. Бизде «Эшигин көрүп төрүнө өт» деп айтышат го. Эс алуу башталганда эле аларды жакшы маанайда тосуп алалы деп ушундай программа уюштурдук. Эл көргөндө, жер көргөндө ар бир адамдын түшүнүгү, аң-сезими өзгөрөт да. Балдарга Ысык-Көлдү көрсөтөлү, башка аймактардын балдары менен достоштуралы дегенбиз.

Биринчи күнү келгенде балдар аралаша албайт. Ошондуктан батыраак аралашуусу боюнча программаларды иштеп чыкканбыз. Эң кызыгы: бешинчи күнү лагерден кетип жатканда бири-бири менен кучакташып алып ыйлашат, кеткилери келбейт. «Сен Ысык-Көлдөн экенсиң, сен Баткенден экенсиң, сен Нарындан экенсиң» деген нерсе жок. Кичинекей 9 жаштагы балдар бири-бирин «Сен Таласка кел, сен Баткенге келсең тосуп алам» деп, кадимкидей ынтымагын көрсөтүшөт. Ошол эле учурда азыр социалдык тармактар аркылуу достошуп, катышып тургандар бар. «Көлдү көрсөм» деп кыялданган балдар көп болот. Ошондон көз жашын төккөндөр болгон. «Балдардын баарын алып келсек кандай сонун болот эле» дейбиз, бирок бул мүмкүнчүлүккө жараша болот экен. Негизи биз райондор, облустар менен канчалык тыгыз алакада болсок, ошончолук бөлүнүп-жарылуучулукка жол бербейбиз.

— Балдар менен иштешүү кандай? Иш тажрыйбаңызда кандай кызыктуу учурлар болгон?

— Биз балдарга бир нерсе үйрөтөбүз деп келебиз, бирок көп нерсени балдардан үйрөнөбүз. Маектешүү, пикир алышуу аркылуу адамдар көп нерсеге жетет. Бекеринен айтылбаса керек, миңдеген китепти окуп, бирок алган билимиңди кайра элге бербесең, эч кимге пайдасы жок. Биз азыр жети облустан келген балдар-кыздар менен маектешебиз, сүйлөшөбүз. Балдардын айтып берген окуясынан китеп жазсаң аздык кылат. Алар турмуштун ар кандай сыноолорун баштан өткөрүп көрүшкөн. Арманын уга турган киши болбогонуна байланыштуу ушул жакка келип, жөндөмүн ачкан балдар бар. Бул да өтө маанилүү. «Бала ошол бойдон түнт болуп, ачыла албай калып кетсе эмне болот?» — деген суроо туулат. Ошондуктан биз программаларыбызды балдарга ар тараптуу кызыктуу болсун деп уюштуруп келебиз.

— Маегиңизге чоң ырахмат! 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM