Биз менен байланышыңыз

Токмокто кудук казып жатып үч киши каза болуп, экөө ооруканага түштү

Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 571 | 0

Токмоктун Жантаев көчөсүндөгү курулуш материалдарын саткан короонун ичинде кудук казып жаткан үч киши каза болуп, дагы экөө оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кудук казып жаткан учурда аба жетпей 1 адам кулап калган, аны алып чыгам деп, экинчиси кудукка кирип, аба жетпей ал да жыгылган. Калгандары да ушул эле аракеттерди жасап, кудуктун ичинде аба жетпей калып кетишкен.

Кырсык катталган жерге Токмок шаарындагы өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган  жана каза болгон адамдарды 18 метр тереңдиктеги кудуктан алып чыгышкан.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болгон (1980-ж.т. Х.Т., 1982-ж.т. Х.М., 1987-ж.т. Х.К.) жана 2 эркек киши (1989-ж.т. Х.Н., 1999-ж.т. Х.С.) жабыркаган.

Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

ӨКМдин маалыматына караганда, кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизелдик майдын жыты пайда болгон. Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM