Биз менен байланышыңыз

Мектепке электрондук каттоонун экинчи баскычы башталды

Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 417 | 0

Бүгүн, 27-июнда мектептерге окуучуларды электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Биринчи баскычта техникалык мүчүлүштүктөрдун айынан коомдо нааразычылык пайда болгон. Эми система кайрадан жаңыланып, ага өзгөртүүлөр киргизилген.

Экинчи этапта жарандар кайсы райондо катталганына карабай, бош орундары бар мектептерге балдарын каттата алат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Расул Маматов балдарды 1-класска мектепке электрондук каттоонун экинчи этабындагы өзгөчөлүктөр тууралуу маалымат берди.

«Биринчи этапта ата-энелердин юридикалык каттоосу жана бала менен базадагы туугандыгы текшерилип, ошонун негизинде мектептерге кабыл алынган. Экинчи этаптын өзгөчөлүгү жарандар юридикалык каттоосунан көз карандысыз эле бош оруну бар каалаган мектепке жазыла алат».

Мектепке электрондук каттоонун экинчи баскычында ата-энеден бир эле бала менен базадагы байланышы талап кылынат. Байланышты текшерүү үчүн системада «туугандыгын текшерүү» деген атайын сервис жасалган. Ошол жерге ата-эненин жана баланын жеке идентификациялык номери жазылып, ошонун негизинде туугандык байланышын текшере алат. Андан  кийин ата-эне тийиштүү жолчолорду толтуруп, Кыргызстан боюнча каалаган бош оруну бар мектепке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Кайсы мектепте орун бар экенин билүү үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кириши керек. Ал жерде статистика деген бөлүм бар. Анын ичинде мамлекет боюнча бардык мектептер тууралуу маалымат бар. Эгерде биринчи этапта өзүнүн юридикалык жактан жашаган жеринде мектепке катталган болсо, экинчи баскычта мектепти алмаштыра алат. «Мектепти алмаштыруу» деген жаңы кызмат кирди. Ата-эне өздүк кабинетине кирип, мектепти алмаштырса болот. Бирок биринчи кезекте статистикага кирип, мектепте орун бар экенин так билип алышы зарыл.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептерге электрондук кезекке туруунун биринчи этабында жалпы бөлүнгөн квотанын 45% дан ашууну толду. Тагыраак айтканда, бүгүнкү күндө 73 миңден көп бала мектепке кирди. Ал эми экинчи этапта дагы 87 миңге жакын орун бар.

Copyright © 2017 Maral FM