Биз менен байланышыңыз

Ичкилик, алтын, мунай сатуучулар ККМди милдеттүү түрдө колдонот

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 319 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көзөмөл-кассалык машина (ККМ) боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү. Анда төрага ККМ-аппараттарды ишке киргизүү үчүн ишкерлерге эң ийкемдүү шарттар түзүлөрүн, ошол эле учурда салыктарды төлөө ар бир жарандын конституциялык милдети болуп саналарын айтты.

Отурумда Экономика жана коммерция министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, ККМге каршы чыккан ишкерлер берген сунуштар талкууланды.

Акылбек Жапаров ичкилик, алтын, мунай саткан ишкерлер ККМди милдеттүү түрдө колдонушу, сатылып жаткан товардын эсеп-фактурасы сөзсүз болушу керектигин баса белгиледи.

Жыйынга катышкан ишкерлер ККМ-аппараттарды колдонууну билбей жатышканын моюндарына алышты. Буга байланыштуу ККМ боюнча маалымат берүү иштерин улантууга чечим чыкты.

Андан тышкары салыктан бошотуу, жеңилдик алуу тартиптери каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM