Биз менен байланышыңыз

Оштогу алты адамды басып калган унаанын айдоочусу кармалды

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 338 | 0

Ошто оодарылып кетип, алты адамды басып калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан маалымдашкандай, айдоочуну наркологияга алып барып текшертишкенде, канынан спирт ичимдиги табылган эмес.

Айдоочунун айтымында, ал Кара-Суу районунан Ош шаарына Касымбеков көчөсү аркылуу келатканда, каршысынан маршруттук унаа чыга калган. Унаадан качам деп, башкарууну жоготуп, жол жээгине 28 тонна көмүрү менен кошо оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен көчө боюнда турган 1993-жылы туулган жана 1998-жылы туулган келиндер (24 жаштагы келин кош бойлуу болгон), алардын балдары 10 жаштагы, 11 жаштагы, 4 жаштагы кыздар, 2 жаштагы эркек наристе көз жумган.

Кырсык 24-июнда Кара-Суу районунун Жаңы-Маала айылында болгон. Жерине барган ӨКМдин кызматкерлери унааны кран менен көтөртүшкөндө, астынан алты адамдын сөөгү чыккан.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 1997-жылы туулган айдоочу Т. уулу Б. камакка алынган. Анын жанындагы 20 жаштагы жүргүнчү да сурак берип жатканы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM