Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Орозобек Токтомамбетов алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 25 Июн 2022 | 360 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында эркин күрөштөн Орозобек Токтомамбетов Азия чемпиону аталды.

70 кг салмактагы Орозобек Токтомамбетов алгач айлампа системасы менен күрөшүп, биринчи айлампада индиялык Каран Каранды 3:3 эсебинде, экинчи айлампада өзбекстандык Бегижон Кулдашевди 9:0 эсебинде, үчүнчү айлампада тажикстандык Мустафо Ахмедовду 3:1 эсебинде утуп, жарым финалга өттү.

Жарым финалда түркмөнстандык Арслан Аманмурадовду 11:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми финалда казакстандык Досжан Ассетовду 10:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Эркин күрөш боюнча бүгүнкү беттештерде ошондой эле 57 кг салмактагы Бекзат Алмаз уулу күмүш, 97 кг салмактагы Каныбек Абдулкадыров коло медаль алышты.

Copyright © 2017 Maral FM