Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатында Кыргызстандын кыздары 8 медаль алышты

Кыска кабар , Спорт | 25 Июн 2022 | 440 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын бүгүнкү, 25-июндагы беттештеринде кыз-келиндер күрөшүнөн үч кыз күмүш медаль, бир кыз коло медаль утту.

Айта кетсек, кыз-келиндер күрөшү айлампа системасында өттү. Анын жыйынтыгы менен 62 кг салмактагы Бермет Нуридин кызы, 65 кг салмактагы Дилназ Сазанова, 72 кг салмактагы Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми 57 кг салмактагы Калмира Билимбекова биринчи эле айлампада колун кокустатып алганына байланыштуу кийинки беттешке чыга алган жок. Натыйжада коло медаль берилди.

Кечээки беттештерде 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова менен 76 кг салмакта Айпери Медет кызы алтын, ал эми 55 кг салмакта Арууке Кадырбек кызы менен 59 кг салмакта Сезим Жуманазарова коло медаль алышкан.

Муну менен 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыздар курамасы Кыргызстандын капчыгына жалпы 2 алтын, 3 күмүш, 3 коло медаль салып беришти.

Copyright © 2017 Maral FM