Биз менен байланышыңыз

Бишкекте уурдалган кыз боюнча милиция териштирүү баштады

Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 414 | 0

Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын борборунда Эркиндик бульварында кызды уурдаган видео пайда болду.

Окуя 23-июнда саат 23.57 чамасында Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде болгон. Видеодо кызды Subaru Impreza маркасындагы унаа менен уурдап кетишкендиги көрүнүп турат.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы адам уурдоо фактысы боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

«Бишкек жана Чүй облусунун ИИБнын өздүк курамы багытталган, ыкчам-издөө иш — чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM