Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 24 Июн 2022 | 1127 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону аталды.

68 кг салмакта килемге чыккан Мээрим Жуманазарова жалпысынан үч айлампа беттеш өткөрүп, биринчи айлампада индус кыз Аржу Аржуну 11:1 эсебинде, экинчи айлампада өзбек кыз Азода Эсбергенованы да, үчүнчү айлампада казак кыз Албина Кайыргелдинованы да 10:0 эсебинде жеңип алды.

Айта кетсек, бүгүнкү беттештерде 76 кг салмактагы Айпери Медет кызы төрт айлампа өткөрүп, төртөөндө тең атаандаштарын утуп, чемпиондук наамды мөөнөтүнөн мурда алып кеткен.

Андан тышкары бүгүн 55 кг салмактагы Арууке Кадырбек кызы менен 59 кг салмактагы Сезим Жуманазарова коло медаль тагынышты.

Чемпионат борбор калаабыздагы «Бишкек Арена» муз аянтында өтүп жатат. Негизги күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да, ал эми финалдык күрөш 18:00дө болууда.

Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) расмий сайтында, андан тышкары УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтүүдө.

Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы алтын медаль алды

Copyright © 2017 Maral FM