Биз менен байланышыңыз

Мектепке электрондук каттоонун экинчи баскычы башталат

Билим-маданият | 24 Июн 2022 | 4407 | 9

27-июнда мектептерге окуучуларды электрондук каттоонун экинчи этабы башталат. Биринчи баскычта техникалык мүчүлүштүктөрдун айынан коомдо нааразычылык пайда болгон. Эми система кайрадан жаңыланып, ага өзгөртүүлөр киргизилген. Экинчи этапта жарандар ата-энелер кайсы райондо катталганына карабай бош орундар бар мектептерге балдарын каттата алат.

Ушул жылдын 11-апрелинен тарта балдарды 1-класска кабыл алуу, тагыраагы, мектептерге электрондук каттоо башталган. Ал эми жакында онлайн каттоонун экинчи баскычы жанданат. Анда балдарды билим берүү мекемелерине электрондук каттоонун жол-жобосу жеңилдетилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Расул Маматов балдарды 1-класска мектепке электрондук каттоонун экинчи этабындагы өзгөчөлүктөр тууралуу маалымат берди.

«Мектепке каттоонун экинчи этабы 27-июнда саат 09:00дө башталат. Биринчи этапта кабыл алууда ата-энелердин юридикалык каттоосу жана бала менен базадагы туугандыгы текшерилип, ошонун негизинде мектептерге кабыл алынган. Экинчи этаптын өзгөчөлүгү жарандар юридикалык каттоосунан көз карандысыз эле бош орун бар каалаган мектепке жазыла алат».

Мектепке электрондук каттоонун экинчи баскычында ата-энеден бир эле бала менен базадагы байланышы талап кылынат. Байланышты текшерүү үчүн системада «туугандыгын текшерүү» деген атайын сервис жасалган. Ошол жерге ата-эненин жана баланын жеке идентификациялык номери жазылып, ошонун негизинде туугандык байланышын текшере алат. Андан  кийин ата-эне тийиштүү жолчолорду толтуруп, Кыргызстан боюнча каалаган бош оруну бар мектепке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Министрликтин мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова ата-энелер мектептерде бош орун бар экенин аныктагандан кийин гана катталуу үчүн билдирүү калтырышы керектигин айтат.

Мындан сырткары экинчи этапта мектепти алмаштырууга мүмкүнчүлүк бар.

«Кайсы мектепте орун бар экенин билүү үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кириш керек. Ал жерде статистика деген бөлүм бар. Анын ичинде мамлекет боюнча бардык мектептер тууралуу маалымат бар. Эгерде биринчи этапта өзүнүн юридикалык жактан жашаган жеринде мектепке катталган болсо, экинчи баскычта мектепти алмаштыра алат. “Мектепти алмаштыруу” деген жаңы кызмат кирди. Ата-эне өздүк кабинетине кирип, мектепти алмаштырса болот. Бирок биринчи кезекте статистикага кирип, мектепте орун бар экенин так билип алышы зарыл».

Мектептерге электрондук кезекке туруунун биринчи баскычында техникалык жактан мүчүлүштүктөр болуп, коомдо нааразылык пайда кылган.

Ата-энелер министрликтин имаратына чейин барып, техникалык каталарды чечүүнү талап кылышкан.

Буга байланыштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева биринчи этапта болгон кемчиликтер кайра кайталанбашы үчүн системада тестирлөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтты. Система туруктуу иштеп жатат.

«Көп маалыматтар текшерилбей киргизилген болчу. Ошол маалыматтарды тууралоо иштерин жүргүздүк. Биринчи этапта эски система боюнча электрондук кезекте турган балдардын маалыматтары оңдолду. Өзүнүн көрсөтүлгөн кезектеринде турат. Бүгүнкү күндө ата-энелер аларды текшере алышат. Бизге көп ата-эне кезекти кантип көрө алабыз, сыр сөз жана логинди кайдан алабыз деп кайрылып жатышат. Аны катталган мектептерге кайрылса, кайрадан логин жана сыр сөздү беришет. Азыр система турукташып калды».

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептерге электрондук кезекке туруунун биринчи этабында жалпы бөлүнгөн квотанын 45% дан ашууну толду. Тагыраак айтканда, бүгүнкү күндө 73 миңден көп бала мектепке кирди. Ал эми экинчи этапта дагы 87 миңге жакын орун бар.

«Мектепке электрондук каттоо» долбоору – мектеп жашына жеткен балдарды Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелерине 1-класска каттоо жараянын автоматташтырууну камсыздоочу электрондук система. Система ушул жылдын 15-февралында ишке киргизилген.

Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын мектепке катталуусун каалаган учурда компьютерден да, телефондон да көрө алат.

Мектептерге электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган.

 

9 пикир

9 пикир

  1. Фарида

    26.06.2022 16:00

    Электронный каттай албасак мектепке барып каттассак болобу

  2. Сымбат.

    26.06.2022 20:02

    Бул жакта жашасак да айылга каттап салды баламды Эми каттайбы.

  3. Гулназ

    27.06.2022 09:08

    Саламатсынарбы кандай кылып каттайбыз

  4. Роза

    27.06.2022 09:15

    Саламатсыздарбы 1 классге каттайын дедим эле

  5. Роза

    27.06.2022 09:54

    Кантип каттайм баламды

  6. Асел

    27.06.2022 10:13

    Я разочарована,заявку даже и не подавала.А мне говорят что уже подала.что за лохотрон

  7. Роза

    27.06.2022 10:19

    turapovaroza

  8. Сирена

    27.06.2022 21:52

    96 школ

  9. Абдуллаева Айчурок

    04.07.2022 23:28

    Электрондук катто менен кабыл алынды торт места бар деп Оштогу Кун Нуру детсады на неберем катталды эле бирок очередь коп деп албай дата ушул туурабы Эми Аширбаева Ширин Илгизовна 22.06.2019

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM