Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Билол Шарип уулу алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 22 Июн 2022 | 341 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын төртүнчү күнүндө эркин күрөштөн Билол Шарип уулу алтын медаль алды.

60 кг салмакта күрөшкөн Билол Шарип уулу алгачкы беттешинде казакстандык Акарыс Калиевди 10:0 эсебинде, жарым финалда япониялык Минато Коиваны 11:0 эсебинде утуп алды.

Финалда өзбекстандык Жавохир Шулибоевге кез келип, 8:5 эсебинде жеңип, өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону аталды.

Ал эми күрөштүн ушул эле түрүнөн 55 кг салмакта килемге чыккан Аскат Токтоматов коло медаль үчүн беттеште монголиялык Одсурен Батхуунун далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда 6:0 менен утуп алды.

Бүгүн 17 жашка чейинки балбандар арасында чемпионат аяктады. Кыргызстан күрөштүн үч түрүнөн жалпы 6 алтын, 1 күмүш, 6 коло медаль алышты.

Эртең, 23-июндан тарта 23 жашка чейинкилер арасында беттештер башталат. Чемпионат борбор калаабыздагы «Бишкек Арена» муз аянтында өтүп жатат. Негизги күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да, ал эми финалдык күрөш 18:00дө болууда.

Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) расмий сайтында, андан тышкары УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM