Биз менен байланышыңыз

Уурулукка шектелип мамыга байланган жаран үйүнө чыгарылды (видео)

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 142 | 0

Бишкектин Ак-Ордо конушунда уурулукка шектелип мамыга байланган адам психикалык жактан жабыркап келет. Буга байланыштуу ал милициянын убактылуу кармоочу жайынан үйүнө чыгарылган.

Ошол эле учурда уурулукка шектелген жарандын туугандары менен телефону уурдалды деген жарандардын ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп, бири-бирин кечиришкен.

Бул тууралуу уурулукка шектелген жарандын жакындары билдиришти.

20-июнда саат 15:00-16:00дөр чамасында конуштагы үйлөрдүн бирине кирип, бут кийимдерди жана уюлдук телефонду алып чыккандыгы боюнча 56 жаштагы А.Л.аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган.

Андан соң жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган 57 жаштагы Э.Ф. тергөө кызматына жеткирилген.

Шектүүнүн туугандарынын айтымында, ал психикалык ооруканада каттоодо турат. Шектүүнүн туугандары соцтармакта тараган видеого байланыштуу арыз жазуудан баш тарткан.

Эскерте кетсек, соцтармактарда Ак-Ордо конушунда ууру деп адамды мамыга байлап койгон видео тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM