Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Гүлнура Таштанбекова алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 21 Июн 2022 | 860 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшүнөн Гүлнура Таштанбекова алтын медаль алды.

65 кг салмакта күрөшкөн Гүлнура Таштанбекованын күрөшү айлампа системасында башталып, биринчи айлампада индус кыз Пулкит Пулкитти 2:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда, үчүнчү айлампада корей кыз Эунсо Шону 4:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда жапон кыз Сава Хигашини 3:0 менен жеңип, финалга өттү.

Финалда кайрадан индус кыз Пулкит Пулкитке кез келип, бул жолу 5:0 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Айта кетсек, кыз-келиндер күрөшүнүн бүгүнкү беттешинде 43 кг салмактагы Диана Амантурова менен 57 кг салмактагы Айтолкун Медет кызы коло медаль алышты. Кечээ, 61 кг салмактагы Жаркынай Нурлан кызы да коло медаль алган.

Өспүрүм кыздардын күрөшү боюнча Кыргызстандын капчыгында 1 алтын 3 коло медаль болду. Ал эми жалпы эсепте 5 алтын, 1 күмүш, 5 коло медаль бар.

Copyright © 2017 Maral FM