Биз менен байланышыңыз

Азык-түлүккө болгон баанын өсүүсү боюнча УКМК билдирүү таратты

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 417 | 0

Азык-түлүккө болгон баанын өсүүсү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратты. Анда дүйнөдө азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча кырдаалдын начарлашы жана бул чөйрөдөгү болжолдонгон кризистин алкагында, Кыргызстанда да азык-түлүккө жана керектөөчү товарларга баанын өсүшү, кээ бир позициялар боюнча алардын жетишсиздиги байкалып жатканы айтылат.

УКМК тарабынан азык-түлүк коопсуздугу боюнча жүргүзүлгөн талдоо республикадан азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды контрабандалык жол менен ташып чыгаруу аракеттеринин көбөйгөн.

Калкты азык-түлүк каатчылыгынын коркунучтарынан коргоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында УКМК өз компетенциясынын чегинде тиешелүү алдын алуу чараларын көрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 17-июнунда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Анда контрабанда үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жана айыптарды жогорулатуу, ошондой эле кылмыштын куралы катары транспорт каражаттарын мамлекеттик кирешеге конфискациялоо каралган.

Ушул себептерден улуттук коопсуздук органдары жарандарды төмөнкүлөрдү аткарууга чакырат:

  1. кыраакы болуп, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча компетенттүү органдар тарабынан көрүлүп жаткан чараларга көмөктөшүүгө жана колдоо көрсөтүүгө;
  2. контрабанда менен алектенген жана аны токтотууну каалабаган адамдарга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүүгө;
  3. өзгөчө дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин убагында, мыйзамды сактоого, кылмыш жасоо жолуна түшпөөгө жана жеке кызыкчылыктарын улуттук кызыкчылыктардан жогору койбоого.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM