Бишкекте Expo Russia-Kyrgyzstan-2022 биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө.
Өнөр жай көргөзмөсү 21-23-июнь күндөрү Бишкектеги «Аю Гранд» соода борборунда кадимки режимде, ал эми www.ExpoRF.ru жана www.ExpoEurasia.org порталдарында онлайн режимде болуп жатат.
Көргөзмөнү Орусиянын «Зарубежэкспо» акционердик коому жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы биргеликте уюштурду.
Көргөзмөгө Кыргызстандан 100гө жакын компаниясы жана Орусия менен Ирандан келген компаниялар да катышууда. Ал өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жана өнүктүрүү максатын көздөйт.