Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев кызматтан кетпей турганын айтты

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 1038 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, жоопкерчиликтүү кызматта тургандыктан ага кызматтан убактылуу четтегенге болбой турганын айтты.

Бүгүн, 21-июнда саясат талдоочу Марат Казакпаев менен «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия биринчи жыйынын өткөрдү. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Жыйындан кийин Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал «УКМКнын тергөө абагында буга чейин да адам өлүмү катталып келгенби?» деген суроого, мындай нерсе дайыма болуп турарын, кайталанбашына эч ким кепилдик бере албасын айтты.

Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн комиссиядан тышкары УКМКнын ичинде да комиссия иштеп, Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогонун билдирди.

18-июнда саясат таануучу Марат Казакпаевдин, ошондой эле «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлгөн.  Комиссия окуялардын жагдайын ар тараптуу изилдеп, иштин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилери айтылган.

Кечээ, 20-июнда коомдук комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектей турганы белгилүү болду. Ага акыйкатчыдан сырткары Жогорку Кеңештин, тиешелүү министрлик, мекемелердин өкүлдөрү жана маркумдардын жакындары кирген.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда тергөө абагынан ооруканага оор абалда түшүп, каза тапты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, 19-майдан 9-июнга чейин саясий серепчинин адвокаттары аны медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылбаганын белгилеген.

Ал эми 18-июнда УКМКнын тергөө абагынан «Айыл Банк» ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев көз жумду. УКМК тараткан маалыматка таянсак, ал түнкү саат 00:55 чамасында асынып алган.

Башкы прокуратура Казакпаевдин жана Асанбаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштаган.

Буга чейин коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши иликтенип жатканда Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилип, кийин кайра кайтып келген.

Copyright © 2017 Maral FM