Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Өлкөдө уурулук жасап кармалган балдар көбөйө баштады

Коом | 21 Июн 2022 | 567 | 0

Акыркы убакта ууру-кески күч алды. Айрыкча жаш балдардын уурулукка барганы көп катталууда. Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы беш ай ичинде 9 миңден ашык уурулук жасалса, анын миңден ашуунунда балдардын да катышы бар. Адистердин айтымында, буга өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жумушсуздук, жакырчылык сыяктуу бир нече фактор себеп болууда. Балдарды терс жоруктардан коргоо чаралары кандай көрүлөт? Алдыда жооп издейбиз. 

Бишкек шаарынын тургуну Аида жубайы экөө жумушта жүргөнүнөн пайдаланып, уурулар чаламандын чак түшүндө үйүндөгү баалуу буюмдарынын баарын көтөрүп кеткенин айтып берди.

«Биз Ак-Ордонун Насыят көчөсүндө турабыз. Бир ай болуп калды, жолдошум экөөбүз жумушта болчубуз, үйдө эч ким жок эле. Негизи күйөөм экөөбүз эле жашайбыз, балдарыбыз өзүнчө турушат, үйгө жумуштан кийин кеч келебиз. Ошол күндү эстесем, короого киргенде эле эшик ачык экенин көрдүк, ичине кирсек, бардык жер чачылуу, телевизор, жаңы килем, менин алтындарымды уурдап кетишиптир. Бирөөдөн чочуп качып кетишкен окшойт, себеби экинчи килем целофанга оролуп,  эшиктин астында жатыптыр. Аны да алам деп ала албай калса керек. Үйдүн аркасы менен качышканын билебиз, бирок дагы эле ким уурдаганын билген жокпуз, табыла элек. Азыр болсо аябай коркуп турам, үйгө акча, баалуу буюм калтырбай калдым. Өзүң жашаган үйүң да коопсуз болбой калды го азыр».

Адистер уурулуктун көбөйүүсүнө коомдогу социалдык-экономикалык абал таасир этип жатканын, балдарга үйдөн тиешелүү тарбия берилбегени, ата-эненин көзөмөлү жетишсиздиги да буга себеп экенин белгилешет.

Социолог Абдыкайым Жусубалиев жогоруда айтылгандардын ырастап, дагы бир маанилүү факторду кошумчалады.

«Коомдогу жалпы баалуулуктардын төмөндөп кетиши да уурулукка алып келет. Мындан сырткары жарандардын миграцияга кетиши күч алып, балдарын туугандарына калтырып кеткени белгилүү бир мезгилден кийин уурулук сыяктуу терс көрүнүштөр ачыкка чыгып, көрүнө баштайт. Мунун айынан бүгүнкү күндө коомчулукта «колдон чыгарып ийген муун» көпчүлүктү түзүүдө. Бул көйгөй боюнча жакшы, натыйжалуу, социалдык изилдөө жүргүзсө болот. Мындай изилдөөлөр белгилүү бир каражатты талап кылат. «Ал каражатты мамлекет береби, бербейби?» деген маселе бар. Азыркы изилдөөлөр жеке социологдордун демилгеси менен жүргүзүлүп келе жатат. Ошондуктан ушул маселе изилденип жатабы же жокпу, так айта албайм. Менимче, көңүл сыртында калып жатат».

Буга чейин уурулукту азайтуу максатында мындай жолго баргандарды жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоору демилгеленүү алдында турган. Жусубалиевдин айтымында, мыйзам менен да маселе чечилбейт.

«Мыйзам, катуу чаралар менен маселе чечилбейт. Уурулукка баргандар коркуп, кооптонуп калышы мүмкүн, бирок толугу менен маселени чече турган жол эмес. Бул жерде дин өзүнүн ролун ойношу керек деп ойлойм. Азыр жаштардын арасында мечитке баргандар көбөйүп жатат. Ал эми жөн эле, көөдөнү бош эле бара бербестен, ошол көөдөндү толтуруп, идеяларды, руханий нерселерди алып чыкса, уурулук да төмөндөйт эле. Бул жерде комплекстүү иш алып баруу зарыл».

Быйыл беш ай ичинде жалпы өлкө боюнча 9342 уурдоо фактысы катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева маалымдап, өлкөдө жалпысынан кылмыштуулуктун саны өскөнүн билдирди. Анын ичинде уурулук, алдамчылык күч алганын, буга негизинен жумушсуздук себеп экенин кошумчалады.

Шаршеева үйлөрдү узак убакыт кароосуз калтырбоого чакырды.

«Мунун ичине мал уурулук, батир уурулугу, чөнтөк уурулук, автоунааны айдап качуу сыяктуу кылмыштар да кирет. Кылмыштардын бетин ачуу боюнча учурда милиция кызматкерлери тарабынан толук кандуу иштер аткарылууда. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана коомдук коопсуздук кызматынын жана алардын аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери өлкө аймагында жарандарга уурулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келүүдө. Учурда жай мезгили болгондуктан, шаар тургундары эмгек өргүүгө чыгып, үйлөрү узак убакытка кароосуз калгандыктан батирлерге жана турак жайларга сигнализацияны, видеокамераларды орнотуу, эшик-терезелерди бекемдөө керектиги эскертилип жатат».

Акыркы беш айда үй тоноо фактысы боюнча 410 кылмыштын бети ачылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,5%га көбүүрөөк катталган.

Андан тышкары айыл жеринде мал уурулук, ал эми шаарда чөнтөкчүлүк, унааны айдай качуу, алдамчылык, каракчылык сыяктуу кылмыштардын саны өсүп жатканын тиешелүү органдар белгилешет.

Айрыкча, уурулукка барган жаш балдар көбөйө баштаганын айткан Ички иштер министрлиги акыркы үч айда эле балдар уурулугу боюнча 1034 кылмыштын бети ачылганын маалымдашты. Буга байланыштуу министрлик ата-энелерди балдарын көзөмөлдөп, жалгыз калтырбоого, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, татыктуу тарбия берүүгө үндөп келет.

Copyright © 2017 Maral FM