Биз менен байланышыңыз

«Мегакомдун» мурдагы жетекчиси үй камагына чыкты

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 621 | 0

«Альфа Телеком» (Мегаком) мамлекеттик компаниясынын мурдагы башкы директору Акылбек Жамангулов үй камагына чыгарылды. Чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган.

Жамангулов ушул жылдын 12-мартында суракка чакырылган. 14-мартта Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө камакка алуу чечимин чыгарган.

Жактоочусунун айтымында, Жамангуловго «Түштүк Кореядан келген инвестордон пара алган, ири суммадагы алдамчылык кылган» деген айып коюлуп жатат.

33 жаштагы Акылбек Жамангулов 2018 «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын башкы директору болуп дайындалып, 2021-жылы 16-мартта өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM