Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев 2005-жылы бийликтен куулушуна АКШны айыптады

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 900 | 0

2005-жылдагы төңкөрүштү АКШ уюштурган. Мындай пикирин Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев студенттер менен болгон жолугушууда билдиргенин Казакстандын «Орда» сайты жазды.

Айта кетсек, Аскар Акаев атайын чакыруу менен 19-июнда Казакстанга барган. Алгачкы күнүндө Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин студенттерине дарс окуп, андан соң 20-июнда Алматы менеджмент университетинде (AlmaU) өткөн санариптик экономика жаатындагы талкууга, «Жить в эпоху перемен» аттуу интеллектуалдык кечеге катышкан.

Студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, Аскар Акаев 1990-жылдары Кыргызстан өнүгүү жолунда болгонун, бирок 2000-жылдан кийин иши кыйчалыштаганын айтып, өзүнүн бийликтен кубаланышына АКШ мамлекетин айыптаган.

«Бул туурасында мен ачык эле айтып келем. Себеби АКШнын элчиси Янг мырза бурулуш жасоону Кошмо Штаттар уюштурганын Грузия менен Украинадагы революциядан кийин ачык билдирди. Балким мен чыгып кетип, ката иш кылдым. Көпчүлүк: «Ушул жакта калышыңыз керек эле», — дешет. Бирок өлкөдө кан төгүлүп кетүү коркунучу бар болгондуктан, мен атымды кан төгүүгө аралаштырууну каалабадым. Өлкөдөн чыгып кетүүнү чечтим, буга эч качан өкүнбөйм», — деген Аскар Акаев.

Айта кетсек, Аскар Акаев менен Майрам Акаева Казакстанда 25-июнга чейин болот.

Copyright © 2017 Maral FM