Биз менен байланышыңыз

Мөңгүлөр азаюуда. Ага кандай чара көрүү зарыл?

Коом | 20 Июн 2022 | 503 | 0

Акыркы жылдары адистер Кыргызстандын башкы байлыктарынын бири мөңгүлөрдүн жок болуп кетүү коркунучу бар экенин эскертип келишет. Активисттер, экологдор коомчулуктун көңүлүн тез эрип жаткан мөңгүлөрдүн маселесине буруп, глобалдык жылуулук шартында сууну сарамжал колдонууга, мөңгүлөрдү сактап калууга үндөйт.

Бул көйгөйдү эске алуу менен Айыл чарба министрлиги «Мөңгүлөрдү сактайбыз» аталышындагы акция баштады. Өнөктүктүн алкагында кандай иштер жасалат, мөңгүлөрдүн бүгүнкү күндөгү абалы жана сактап калуу жолдору тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Учурда өлкө аймагынын 5,6 пайызын токой ээлеп турат. Ал да малдын көбөйүүсүнөн жана браконьерлердин айынан кыскарып бара жатат.

ЮНИСЕФтин адистеринин маалыматына караганда, Кыргызстан — сууга бай болгону менен географиялык жайгашуусунан улам климаттык өзгөрүүлөргө жакшы туруштук бере албаган аймак.

Айыл чарба министринин кеңешчиси Улан Адамалиевдин айтымында, «Мөңгүлөрдү сактайбыз» аталышындагы акциянын негизги максаты Кыргызстандагы токой аянтын кеңейтүү болуп саналат.

«Нарынга, Ысык-Көлгө бара жатканда оң, сол жактарда талаа турат. Бул талаалардын статусу – түшүмсүз жайыттар. Ошол жерлерге бак тигип, токойлордун санын көбөйтөлү деген чечим кабыл алганбыз. Себеби окумуштуулардын айтымында, 50 жылдан кийин  биздин мөңгүлөр эрип кетиши мүмкүн. Мөңгүлөр эрисе, суу жок болуп калат. Мөңгүлөрдү сактоонун бир эле жолу бар экен: бактарды, токойлорду көбөйтүү. Канчалык бак көп болсо, ошончолук микроклимат өзгөрөт, жердин да, абанын да нымдуулугу жогорулайт. Ошондуктан биздин бул демилгебиз мөңгүлөрдүн эриши азайтат, экинчиден, мурунку калыбына келишин камсыздайт».

Акыркы жарым кылым ичинде өлкөдө мөңгүлөрдүн 30%ы жок болуп кеткен. Глобалдык жылуулуктан тышкары мөңгүнүн эришине бийик тоолуу жерлерде токой аянттарынын аздыгы таасир этет. Андыктан Кыргызстандын аймагында токойлорду көбөйтүү тапшырмасы турары буга чейин да айтылып келген.

Тоо-кен илими боюнча адис, эколог Рыскул Усубалиев мөңгүлөрдү сактап калуу өтө татаал маселе деп эсептейт. Анын айтымында, мөңгүлөрдү сактап калуунун бир эле жолу: чектен тыш ысыктыкты дүйнөлүк масштабда азайтуу керек.

«Эң негизгиси эле дүйнөлүк масштабдагы парник газын азайтуу керек. Анын ичинде биздин өлкө да салымын кошушу керек деп ойлойм. Бизде кыш мезгилинде көмүрдү көп жаккандыктан шаарлар ышка толуп жатпайбы. Андан сырткары борбордо унаанын көптүгү, табигый булгануулар, мына ушулардын баары мөңгүлөргө терс таасирин тийгизет. Эми биз колдон келген аракетибизди көрүп, альтернативдик жолдорду караштырышыбыз керек. Кыргызстандын мөңгүлөрүн изилдөө 2005-жылдан кийин гана активдүү жүрө баштады. Ага чейин уюштуруу, каржылык маселеден улам 10-15 жылдай токтоп калган».

Кыргызстанда алгачкы жасалма мөңгү 2019-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айылында тоңдурулганы белгилүү болду. Ал эми 2021-жылы алардын саны 11ге жеткен.

Эколог Жээнбек Куленбеков өткөн жылдарга салыштырмалуу өлкөнүн климаты 1,5 градуска чейин жылыганын айтты. Бул мөңгүлөрдүн тез эришине алып келүүдө. Адис бактарды көбөйтүүнүн маанисин түшүндүрүп берди.

«Бак тигүү керек. Себеби бак сырттагы көмүр кычкылтек газын, Күндүн энергиясын, сууну колдонуп, кычкылтек бөлүп чыгарат. Канчалык көп бак тигилсе, ошончолук атмосферага көбүрөөк кычкылтек чыгарылат да, көмүр кычкылтек газы азаят. Климат 1,5 градуска жылыды. Эми муну кармап туруу зарыл. Эгер 2 градуска жылып кетсе, анда мөңгүлөрдүн эриши, жердин буулануу процесстери андан да көп болушу мүмкүн».

2022-жыл — Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп белгиленген. Анын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун трибунасында дүйнө коомчулугуна кайрылып, мөңгүлөрдү сактап калууга үндөгөн.

Өлкө ичинде болсо, «Жашыл мурас» өнөктүгү башталган. Аталган кампания быйыл 12-мартта старт алып, бак отургузуу, токойлорду көбөйтүү иштери жанданган. Бул улуттук өнөктүк салтка айланып, ар жылы 5-6 млн даана көчөт отургузулмай болду.

Ал эми «Мөңгүлөрдү сактайбыз» акциясынын алкагында биринчи этапта 10 жылдын ичинде 500 миң гектар жерге бак отургузуу пландалууда.

1970-жылдары советтик илимпоздор Кыргызстанда жалпысынан 8 миң мөңгү бар экенин изилдеп чыккан. Азыркы күндө алардын саны 10 миңге жакындап, бирок негизинен аянты кыкскарып жатат. Анткени айрым чоң мөңгүлөр эки-үчкө бөлүнүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM