Биз менен байланышыңыз

Оор кылмышка шектелген өзбек жараны Кыргызстандан кармалды

Кыска кабар | 20 Июн 2022 | 426 | 0

Өзбекстанда оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн адам Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1992-жылы туулган Өзбекстандын жараны Б.И. «адам өлтүрүү», «каракчылык», «жазадан качуу» беренелерине шектелип, 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Анын Кыргызстанга качып кеткени аныкталып, Өзбекстан Ички иштер министрлиги Кыргызстандын Ички иштер министрлигине билдирүү жөнөткөн.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү эки жылдан кийин Чүй облусунун аймагынан кармалды. Учурда аны өз өлкөсүнө өткөрүп берүү маселелери каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM