Биз менен байланышыңыз

Жарандык коом билим берүү мыйзамын биргеликте жазууну сунуштайт

Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 887 | 0

Бир катар жарандык коомдун, билим берүү тармагы боюнча иш алып барган уюм-мекемелердин өкүлдөрү өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган жогорку бийликке кайрылуу жолдоду.

98 уюм кол койгон бул катта өлкөдөгү жакырчылыкка себептердин бири билим берүүнүн төмөнкү сапаты экени белгиленип, андыктан Кыргызстандын билим берүү тармагын реалдуу жана системалуу реформалоо үчүн жалпы коомчулукту бириктирген, прогрессивдүү мыйзам зарылдыгы айтылган.

Төмөндө кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз беребиз:

Урматуу Садыр Нургожоевич!

2021-жылдын 5-майында Сиз Кыргызстан элине кайрылуу жолдоп, анда билим берүү тармагын реформалоо зарылдыгын белгилегенсиз. Коомчулук кайрылууну чоң үмүт жана шыктануу менен кабыл алган. 2021-жылдын октябрында Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынып, анда билим берүү тармагында системалык реформаларды жүргүзүү боюнча иш-чаралар белгиленген.

Билим берүү тармагындагы реформалар жакырчылыкты жоюуга, атаандаштыкка жөндөмдүү жарандарды даярдоого жана адамдык капиталды түзүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет деген сөзүңүзгө толук кошулабыз. 2022-жылдын 3-июнунда БУУнун атайын баяндамачысы Кыргызстанда жакырчылыктын (25,3%дан азыркы күнгө 2022-жылдын аягына карата 38%га чейин) көбөйгөнүн белгилеген.   Жакырчылыктын үч негизги себебинен экөө — өлкөдөгү коррупция жана билим берүүнүн төмөн деңгээли деп айтылган. Улуттук статистикага ылайык, Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын 40%дан ашыгы эмгек миграциясында жүрөт.  Оэйис Фондунун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, жалпысынан аялуу жаштардын 80%ы мыйзамсыз сектордо, аз акы төлөнүүчү жумуштарда иштеп,  дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаш боло албай келет. 16 жаштан 24 жашка чейинки ар бир экинчи жаран эки жылдын ичинде татыктуу жашоо максатында жумуш издеп, Кыргызстандан кетүүнү пландоодо.

Сиз белгилеген реформалардын укуктук негизи, биринчи кезекте, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын деңгээлинде түзүлүшү керек. Ал сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, билим берүү кызматтарынын рыногун шыктандырат. Учурда билим берүү тармагы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошууда.

КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары – ББжИМ) «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) боюнча бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп, 2021-жылдын декабрь айында сунуштаган. Өлкөнүн бул   программалык документтеринде Сиз белгилеген милдеттерди ишке ашырууга укуктук негиз түзүлбөгөндүктөн,  долбоор коомчулукта терс пикир жараткан.

2021-жылдын декабрынан тарта жарандык коом ББжИМ менен диалог куруу максатында бир катар кадамдарды жасаган. Бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин, 2022-жылдын апрель айында жарандык коом мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту (мындан ары – жумушчу топ) түзүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровго кайрылган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасына ылайык, 2022-жылдын 14-апрелинде Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев Мыйзам долбоорун 2022-жылдын 10-майына чейин (14- апрелиндеги № 644/1 буйругун 21-апрелиндеги № 775/1 толуктоосу менен) иштеп чыгуу жөнүндө буйрук чыгарган. Ал үчүн бир катар министрликтердин өкүлдөрүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. 2022-жылдын 21-апрелинде ББжИМ биринчи отурумун өткөрүп, Мыйзам долбоорун сунуштаган. Ошондо эле, жумушчу топтун негизги принциптери менен жоболору кабыл алынып, жети жумушчу топ түзүлгөн.

2022-жылдын 21-апрелинен 10-майына чейин Мыйзам долбоору боюнча сунуштарды чогултуу жана талкуулоо боюнча кеңири, ачык иш уюштурулган. ББжИМ  иш бөлмөлөрү менен камсыз кылган. Жарандык коом катчылыктын ишин уюштуруп, талкуулардын катышуучуларынын тизмесин жүргүзүп, сунуштарды чогултуу үчүн ишеним телефону менен электрондук почтаны ачкан. Катышуучулар жумушчу топтун ачык жана конструктивдүү ишине ыраазычылык билдиришкен. Бардык талкуулар чогултулуп, эксперттик топ тарабынан талдоого алынган. Мыйзам алдындагы актылар, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, башка мамлекеттердин мыйзамдары изилденген. Жумушчу топ мүчөлөрү үчүн Эстония жана Казакстандын адистери менен вебинарлар өткөрүлгөн. Лицензиялоо, аккредитациялоо сыяктуу негизги маселелер боюнча тегерек стол өткөрүлгөн. Көп тараптуу талкуунун жана талдоонун жыйынтыгы боюнча Мыйзам долбооруна сунуштар иштелип чыгып, алар 2022-жылдын 15-майында ББжИМне жарандык коомдун атынан Билим берүү мекемелеринин союзу (мындан ары — ББМС) тарабынан киргизилген.

2022-жылдын июнь айынын башында ББжИМ эч кандай жыйындарды өткөрбөстөн, талкуу жана түшүндүрмөсүз мыйзам долбоору менен ББМСга жооп жөнөткөн. Анда Мыйзам долбооруна берилген сунуштардын 95%ы жүйөлүү себепсиз эске алынбай калган. Белгиленген мөөнөткө (10-май) карабастан, ББжИМ экинчи отурумун өткөрө элек. Ошону менен бирге Мыйзамдын акыркы долбоору бекитиле элек.

Жумушчу топтун алкагындагы иштери көрсөткөндөй, билим берүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде мыйзам деңгээлиндеги системалык жана сапаттык өзгөрүүлөргө көңүл бурбоо,  саботаж кылуу ББжИМ саясаты менен ишин ондогон жылдар бою аныктап келген министрликтин айрым башкармалыктары менен ведомстволорунан келип чыгууда.

Жумушчу топтун алкагындагы иштери көрсөткөндөй, билим берүү чөйрөсүндөгү министрликтин айрым башкармалыктары менен ведомстволору системалык жана сапаттык өзгөрүүлөргө көңүл бурбоо, анын ичинде мыйзам деңгээлиндеги, саботаж кылуу саясаты менен ББжИМ ишин ондогон жылдар бою аныктап келген. Учурда ББжИМ өлкөдөгү бюрократиянын эң жогорку деңгээлине жетип, өлкө боюнча коррупциялык аракеттердин булагы болуп калган.

Бүгүн ББжИМнин көп жылдык иш-аракеттеринин жыйынтыгына көбө болуп жатабыз:

  • жалпы өлкө боюнча билим берүүнүн төмөн деңгээли;
  • эл аралык рейтингдерде эң начар жыйынтыктары (PISA баалоонун жыйынтыгы боюнча акыркы орунда);
  • шаар менен айыл ортосундагы билим сапатынын чоң ажырымы. Анын натыйжасында Чыгыш Европа менен Борбордук Азиянын аймагындагы эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн эң төмөн деңгээли менен атаандаштыкка жараксыз мектептердин, кесиптик лицейлердин жана университеттердин бүтүрүүчүлөрү менен жумушчулардын келип чыгышы;
  • мектептерде зордук-зомбулуктун күчөшү, маргиналдашкан жаштардын өсүшү. Бул өлкөнүн жалпы улуттук коопсуздугуна таасирин тийгизип, чыныгы чоң коркунуч болуп саналат.

Урматтуу Садыр Нургожоевич,

2022-жылдын 4-апрелинде социалдык тармактын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда  ийгилигибиздин негизги ачкычы – бул биздин кадрдык ресурстар экенин, 21-кылымдын жарымында дүйнөлүк коомчулукта теңтуштары менен ийгиликтүү атаандашкан балдарыбыз өзүн ишенимдүү сезип, жогорку деңгээлдеги билим менен көндүмдөргө ээ болуусун белгилегенсиз. Ошондой эле кыргызстандыктардын жаңы, күчтүү жана татыктуу муунун тарбиялоо биздин улуттук кыялыбыз менен стратегиялык максатыбыз болуш керектигин, бул баарыбызды, жалпы элибизди бириктирүүгө тийиш экендигин баса белгилегенсиз!

Жарандык коом бүткүл өлкө сыяктуу эле билим берүү тармагында чыныгы сапаттык жана системалык өзгөрүүлөрдү күтүүдө. Билим берүү ар бирибизге тиешелүү жана улуттук идеяга айланышы керек. Көптөгөн жарандар Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга даяр. Бул үчүн өлкөгө Кыргызстандын билим берүү тармагында сапаттык өзгөрүүлөргө негиз түзгөн прогрессивдүү Билим берүү мыйзамы керек.

Билим берүү тармагындагы жана башка маанилүү жигерлүү өзгөрүүлөргө  билим берүүнүн сапатын көз карандысыз баалоо, билим берүүнү каржылоонун ваучердик системасын киргизүү, билим берүү ишмердүүлүгүндөгү бюрократияны жоюу, ошону менен бирге, ыктыярдуу аккредитацияны жана жөнөкөй, так, мыйзамдуу лицензиялоону киргизүү, мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттарды тузүү, билим берүү тармагындагы бардык санариптик маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылуу, жетекчилерди сынак аркылуу тандоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу аркылуу гана жетишүүгө болот.

Садыр Нургожоевич, Кыргызстандын билим берүү тармагын реалдуу жана системалуу реформалоо үчүн жалпы коомчулукту бириктирген «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына көмөктөшүүңүздү суранабыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM