Биз менен байланышыңыз

«Маралдын» каарманы Айтурган эми балдарынын документтерин алалбай жатат

Коом | 17 Июн 2022 | 894 | 0

Мындан эки ай мурда Айтурган аттуу келин «Маралдын» кеңсесине кайрылып, маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Аны жолдошу Орусиядан алдап, 3 баласын тартып алганын айткан. Ал учурда Кыргызстанда. Бул жакка күйөөсү жана кайненеси тарабынан алданып келип калган. Ошол учурдан пайдаланып, жолдошу аны энелик укугунан ажыраттырып койгон. Айтургандын жактоочусу бул ишке Кыргызстандын Владивосток шаарындагы консулдугу да аралашканын маалымдаган. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул үй-бүлөлүк маселе экенин айтып, консулдукка коюлган дооматты четке каккан.

Келиндин кайрылуусу «Маралга» жарыялангандан кийин айрым маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, кайдыгер эмес жарандар жардамга келип, үч баланы энесине алып берүүгө аракет көрүлө баштаган.

Май айынын аягында Орусиянын соту балдарды энесине берүү чечимин чыгарып, алар Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Биз Айтурган менен жолукканыбызда, ал элге ыраазычылыгын билдирип, балдары менен чогуу болуп сүйүнүп жатканын маалымдады.

Бирок муну менен иш толук бүткөн жок, себеби күйөөсү үч баласынын документтерин бербей жатат. Окуянын чоо-жайына алдыда кененирээк токтолобуз.

Айтурган Абдираим кызы 27 жашта. Үч баланын энеси. Айтурганды балдары менен чогуу былтыр июнь айында кайненеси Орусиянын Владивосток шаарына чакырып алган. Ал жерде бир айдай жүрүп, андан соң жумушка орношкон. Ошол маалда жолдошу Эркинбек Нуркулов «Орусиянын жарандыгын жасатып берем» деген шылтоо менен документтерин алып, кийинчерээк жоготуп ийгенин айткан.

Үч айдан соң Эркинбек Орусиянын жарандыгын алган, ал эми Айтурганга 1,5 жылдан кийин гана аларын билдирген. Бирок жолдошу Орусиянын жарандыгын алгандан кийин үч баласына да дароо Орусиянын жарандыгы берилген.

Ушул жылдын январь айында Айтурган күйөөсүнүн коштоосунда милицияга барып, «документтеримди жоготуп алдым» деп арыз жазган. Андан кийин Кыргызстандын Владивосток шаарындагы консулу Махабат Исмаиловадан кеңеш алышкан.

Исмаилова Айтурганга «азыр Кыргызстанга кетип калбасаң, 15-20 жылга депортация болосуң, башка жол жок. Ошондуктан тез арада барып сүрөткө түшүп, билет алып, кетип калганың оң болот» деген кеңеш берген.

Андан соң жолдошу Эркинбек шашылыш белет алып, Айтурганды Кыргызстанга жөнөткөн. Бирок бир жумадан кийин телефон чалып, ажырашарын, балдарын көрсөтпөсүн айткан. Ошондон көп өтпөй, Айтурганга ажырашуу тууралуу Орусиянын сотунан чакыруу келген. Кызыгы, анда энеси балдарын таштап качып кеткени үчүн жолдошу ушул жолго барганы белгиленген.

Айтурганга ошол убактан бери укуктук жактан Жогорку Кеңешке караштуу Миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар кеңешинин Орусиядагы өкүлү, адвокат Нура Курманбекова жардам берип келет. Анын айтымында, бул иш атайылап жасалган, тагыраагы, келиндин кайненеси менен күйөөсү көптөн бери пландап келген. Буга Кыргызстандын Владивостоктогу консулу Махабат Исмаилова да кошулуп, туура эмес кеңеш берген.

Адвокаты ал кеңсе бөлүмүндө Айтурган Кыргызстанга келбей эле паспорт жасап алмагын, жашы жете элек балдары болгондон кийин, алардын жарандыгы Орусияныкы болгондон кийин Айтурган да документтерди жаңыдан жасатып, легалдуу түрдө иштей берсе болмогун айтып, Махабат Исмаилова адам укугун чектеп, мыйзам бузууга барганын белгилеген.

Азыркы тапта болуп жаткан жагдайга токтолсок:

Май айынын аягында Кыргызстандын соту балдарды энесине берүү чечимин чыгарып, алар Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Бирок балдары Орусиянын жарандыгын алган документтери жок келишкенин Айтурган айтып, балдардын документтерин жолдошунан ала албай жатканын маалымдады.

«Мен Кыргызстанга келгенде балдарыма бул жаткан документ жасаткам. Күйөөм: «Ошол документтерди мага, Орусияга жөнөт, ошону менен балдарды Кыргызстанга жөнөтөм», — деген талап койгон болчу. Мен убара болуп, балдарымдын документтерин Орусиядагы адвокатыма жөнөтүп, анын жол киресин төлөп берип, ал Владивостокко учуп барып берген жолдошума. Биз ага ишенгенбиз да. Бирок мен жөнөткөн Кыргызстанда туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү менен кайра балдарымды салып ийптир. Муну кандай түшүнсө болот? Белеттери да жок келишти. Учактагы белеттерин вотсапптан сүрөткө тартып жөнөтүп койгон. Мындан сырткары медициналык карталары жок болуп жатат. Балдарымды каттоого тургуза албай жатам».

Кыргызстандын Владивостоктогу консулу Махабат Исмаилова Айтурганга Мекенге кайтып келүү жөнүндө маалымкатты мыйзамсыз жасап берген. Мындан тышкары аталган маалымкатка жолдошу кол койгон. Бул экинчи мыйзам бузуу болуп эсептелерин Айтургандын адвокаты Нура Курманбекова белгиледи.

«Биз бул мыйзам бузуу боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине арыз жазганбыз. Бир нече убакыттан кийин алар бизге: «Айтургандын каалоосу менен маалымкатка жолдошу Эркинбек кол койгон», — деген жооп кайтарышты. Биринчиден, «Айтурган аракетке жөндөмсүз» деген соттун чечими жок, экинчиден, анын өзүнүн акыл-эси ордунда. Ишеним кат болсо бир жөн, бирок анысы да жок болчу. Жолдошу аялынын ордуна кол коюуга укугу да, акысы да жок. Расмий органдын мындай жообун туура эмес деп эсептейм. Биз азыр ушуну териштирели деп, Тышкы иштер министрлигинин алдына келип отурабыз».

Мыйзамга ылайык, кеңсеге чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салынган. Айтургандын жолдошу Орусиянын жараны болгондуктан, аялынын ордуна кол коймок турсун, имараттын ичине кирүүгө укугу жок болчу.

Бул ишти аягына чыгаруу үчүн Айтурган Ала-Бука районунан, ал эми адвокаты Орусиядан учуп келишти.

Кечээ, 16-июнда бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо бөлүмүнүн кеңешчиси Мээримбек Апышевге жолуктук. Ал окуя каралып жатканын, экинчи тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, изилденип жатканын маалымдады. Бирок үн жаздырып же видео тартууга уруксат берилген жок.

Кызматкер балдардын документтери Кыргызстанга келбей калганы боюнча маалыматы жоктугун айтып, эми териштирилерин кошумчалады.

Ал жактан чыккандан кийин каармандарыбызды акыйкатчы Атыр Абдрахматова кабыл алды. Ал бул ишти териштирүүнү өз көзөмөлүнө алып, консулду жоопко тартууну талап кыларын айтты.

«Орусияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө биздин келиндердин укуктарынын бузулганы көп катталууда. Бул окуя боюнча биз иш алып барабыз. Маселе комплекстүү иштөөнү талап кылат. Мындай көйгөйлөрдү жокко чыгаруу үчүн биз алдын ала чараларды көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамдар боюнча маалымат берип турушубуз керек. Биздин чек арачылар, консулдуктар эмне иш кылып жатат? Эмнеге алдын ала туура маалымат беришпейт? Ушуну көзөмөлдөө зарыл. Негизи балдар тургандан кийин, алардын кызыкчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алышы керек эле. Тескерисинче, балдардын укуктарын чектеп, бузуп, энесин балдарынан алыстаткан мамлекеттик кызматта кайсы адамдар отурат? Сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартууга аракет көрөбүз, таарынышпасын. Анткени балдардын укугун эске албай, энесинин да укугун бузуп, балдарынан алыстатканы мыйзам бузуу болуп эсептелет».

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча кеӊештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман да маселени чечүүгө көмөк көрсөтөрүн, тараптар менен чогуу иш алып барарын айтты.

Бүгүнкү күндө миграция боюнча иш алып баруу функциясы эки органга берилген: Тышкы иштер министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине.

Бул аракетти ал натыйжасыз деп эсептеп, миграция боюнча өзүнчө орган түзүүнү сунуштайт. Мындан сырткары ал консулдуктардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн кээ бир көмөктөшүү функцияларын диаспоралык уюмдарга берүү керектигин айтат.

«Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүн көзөмөлдөөгө, алардын маселелерин чечүүгө убактысы, мүмкүнчүлүгү жетпей жаткан болсо, анда консулдуктардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн кээ бир көмөктөшүү функцияларын диаспоралык уюмдарга берүү керек. Мындай жол менен мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүүгө жана тейлөө убактысын кыскартууга болот деп ойлойбуз. Ал эми бошогон кызматкерлерди эл аралык кызматташуунун башка жаатарына бурса болот, мисалы, экономикалык дипломатияны күчөтүүгө”.

Айтургандын эжеси Барикан Султанбекова бул маселе менен аягына чейин күрөшө турганын айтып, Айтургандын окуясы кыргызстандык кыз-келиндерге сабак болоруна ишенет.

«Ушул окуядан кийин көптөгөн кыргыз кыз-келиндерибиз Орусияда же чет жакта жүргөндө терең ойлонуп, кеңешип, юристтер менен акылдашып жүрүшсө, Айтургандыкындай кейиштүү окуя кайталанбайт деп ишенем. Биз аягына чейин барабыз. Себеби канчалаган кыргыз мекендештерибиздин укуктары тебеленип жатат. Бул баарыбызга сабак болушу керек».

Айтурган менен Эркинбек мыйзамдуу ажыраша элек, сот жараяны 11-июлда болот.

Балдары 23-майда Кыргызстанга учуп келишкен. Алар Орусиянын жараны болгондуктан, өз өлкөсүндө бир айдын ичинде каттоого алынышы шарт. Бирок жолдошу документтерин жөнөтпөгөндүктөн балдар Орусияга депортациялануу коркунучунда турат.

Бирок Айтургандын жолдошу жана кайын энеси байланышка чыкпай жатканы айтылууда.

«Марал» радиосу маселенин чечилишине кызыкдар жана экинчи тараптын да үнүн угууга даяр.

Copyright © 2017 Maral FM