Биз менен байланышыңыз

Министр: Окуу жылы мындан ары 1-сентябрда башталат

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 5653 | 0

Жаңы окуу жылы мындан ары салттуу түрдө 1-сентябрдан башталат. Айтылган маселе боюнча токтом Министрлер кабинетине эртең кирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында маалымдады.

«Биз жалпы бир бүтүмгө келдик. Бул боюнча мугалимдер арасында да, ата-энелер арасында да, коомчулук арасында да сурамжылоолор жүрдү. Көрсөткүч окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө жүрүп жатат. Андыктан бул маселе боюнча токтом долбоору Министрлер кабинетине эртең кирет. Бир же эки жуманын ичинде окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө токтом кабыл алынат», — деди министр.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Билим берүү мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору министрдин катышуусунда каралды. Анда депутаттар долбоор боюнча суроолорду берүү менен бирге окуу жылын мурдагыдай эле 1-сентябрда баштап 25-майда аяктоо тууралуу сунуштарын беришти.

Айта кетсек, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул коомчулукта бир катар сын-пикирлерди жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM