Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматына кайтып келди

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 1958 | 1

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 66-71-беренелеринин негизинде Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 16-июндан тарта өзүнүн кызматтык милдетин улантууга киришти.

Ошондой эле аталган тескеме менен мамлекет башчынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен тескемеге кол койгон. Бул тескеме коррупцияга шектелип кармалган Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишинин адилеттүү каралышын камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылган. Буга экөөнүн ортосундагы жеке мамиле да себеп болгонун айткандар бар. Ага чейин эле президент Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча атайын комиссия түзө турганын билдирген.

Бүгүн Бишкек шаардык соту саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарды.

Зулушевди кызматтан четтетүүдө өлкө башчы мыйзам буздубу?

Copyright © 2017 Maral FM