Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен тескемеге кол койду. Бул тескеме «коррупцияга» шектелип кармалган Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишинин адилеттүү каралышын камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылган. Буга экөөнүн ортосундагы жеке мамиле да себеп болгонун айткандар бар. Ага чейин эле президент Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча атайын комиссия түзө турганын билдирген. Юристтер президенттин акыркы эки чечими Башмыйзамга карыш келерин, тергөө жүрүп жаткан учурда комиссия түзүлбөй турганын жана Башкы прокурорду президент жеке чечими менен кызматтан четтете албасын айтышууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен тескемеге кол койду.
Бул тескеме Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишинин адилеттүү каралышын камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылган. Алар шектүүнүн күнөөсү бар же жок экени мыйзамдуу далилденгенге чейин ыйгарым укуктарын уланта албасы белгиленген.
2-июнда саламаттыкты сактоо министри Башкы прокуратура тарабынан кармалып, тергөө абагына жеткирилген. Бейшеналиевге 7 кылмыш козголгон. Айыптардын бирөө «коррупция», экөө «опузалап пара алуу», төртөө «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», бирөө «атайылап пайдасыз келишим түзүү» боюнча коюлган. 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, УКМКнын Тергөө абагына бир айлык мөөнөткө камалды.
Ал эми мурдагы Башкы прокурор Курманкул Зулушев президенттин убактылуу кызматтан алуусу боюнча комментарий берип, анда президент Садыр Жапаровдун кабыл алган буйругу талкууга жатпай турганын жазган.
«Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш. Калыстык — бул ар бир адамдын абийир соту. Мен да эч качан калыстыктын таразасын акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келем. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим: мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү».
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева учурда иштеп жаткан «супер президенттик» Башмыйзамды негиздөөчүлөрдүн катарында башкы прокурор Курманкул Зулушев да болгонун, учурда өзү салган капканга өзү түшүп калган сыяктуу жагдай жаралганын белгиледи.
Анын айтымында, мыйзам боюнча президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз Башкы прокурорду убактылуу болсо да кызматтан алалбайт, анткени прокуратура өз алдынча мамлекеттик институт болуп саналат.
«Дал ушул Курманкул Зулушев бийликти президенттин колуна топтоо концепциясын түртүп, андан кийин көзөмөл органына Конституциянын өзүндө кеңири ыйгарым укуктарын бекитип, тергөөнү кайтарып берген. Бирок министрлер кабинетинин мүчөсүнө кылмыш ишин козгоор замат президент аны кызматынан алды. Убактылуу болсо да кызматынан алды, бул туура эмес. Президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз же кийлигишүүсү жок башкы прокурордун ишине байланыштуу комиссия түзө албайт. Кызматынан убактылуу болсо да четтете албайт. Башмыйзамдын 70-беренесинде Президенттин башкы прокурорго карата ыйгарым укуктарынын чеги аныкталган. Алардан тышкаркы аракеттерди жасоого президенттин укугу жок. Президент Прокуратуранын ишти иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтпөстөн, альтернативдүү иликтөө боюнча комиссия чакырды. Ошентип саламаттыкты сактоо министрине карата объективдүү ишти иликтөөгө тоскоолдук кылууда. Депутаттык же өкмөттүк комиссия тергөө учурунда иш жүргүзүүгө укугу жок. Тергөө жабык жүргүзүлөт. Президентик институттун жогоруда айтылган бардык аракети алардын ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин жана прокуратура өкүлдөрү болгон көз карандысыз институтка кысым көрсөтүп жатканын айгинелейт».
Эргешбаева кошумчалагандай, жаңы Башмыйзамга ылайык, бүгүнкү күндө президенттен кийинки эң күчтүү институт — Башкы прокуратура. Бирок башкы прокурор мыйзамдык укуктарын колдонуп, өзүн коргоп кала алган жок, тескерисинче, президенттин позициясын колдоп туруп алды. Бул прокуратуранын алсыздыгын көрсөтүп жатат.
Ал эми көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек президент башкы прокурорду кызматтан алуу менен сот, укук коргоо органдарына ишеним жоктугун өзү аныктаганын айтат.
Анын пикиринде, бийлик мамлекетти мыйзам чегинде эмес, түшүнүктөрдүн негизинде башкарып жатат.
«Илгери Аскар Акаев «коррупция 7-кабатка жетти» деп, коррупцияны ачыкка чыгарып жатпады беле? Бул жерде да расмий түрдө Кыргызстанда сот-укук коргоо органдарына, прокуратурага ишенбөө керек деген ой айтылды. Албетте прокурор да өз алдынча мамлекеттик институт болгондон кийин өзүнүн укугун коргошу керек болочу. Бирок бизде маселе бир кишинин же досу экөөнүн айтканы боюнча чечилгендиктен, башкача айтканда, «мамлекетти түшүнүктөр менен башкаруу» болгондуктан бул нерсеге баш ийип тим болду. Башкача айтканда, башкы прокурордун мындай аракети мамлекеттик институттар, соттор кошулуп, мамлекеттик кызыкчылык үчүн эмес, бийликти бекемдөө, бийликти түптөө үчүн иш алып барарын дагы бир жолу тастыктады, дагы бир жолу ага күбө болдук».
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул окуялар бир топ маселе жаратып жатканын белгилеп, Жогорку Кеңештен макулдук албаганын парламенттин алсыздыгына байланыштырды.
«Бул жерде бир топ маселе жаралып жатат. Себеби бири-бири менен чабышып жүрсө, анда мамлекетке терс таасирин тийгизет. Биз жумуштан убактылуу четтетүү боюнча макулдук беришибиз керек. Биз ал жумушка келгенде ага макулдук беребиз.Ошондуктан Конституция боюнча Жогорку Кеңеш өзүнүн макулдугун бериши керек эле. Менимче, бул парламенттин алсыздыгы, негизи депутаттык комиссия болушу керек болчу».
Журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов мыйзамсыздык, өзүм билемдиктин айынан бийлик «хаоско» кирип бара жатканын эскертти.
Анын билдирүүсүнө ылайык, бийликти айтып-дей турган парламент өзү алсыз болуп жаткандыктан, жарандык коом жана массалык маалымат каражаттары мыйзамсыз аракеттерге каршы турушу керек.
«Ал ошол башкы прокурорду кызматынан четтетип туруп, Конституцияны бузууга барды. Башмыйзамда бир эле нерсе каралган: Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынан көбүнүн добушу менен гана кызматтан алса болот. Башка эч кандай жобо жок, бул жерде Конституция бузулду. Коррупциялык иштеринин ачылышынан коркту. Демек, бийликти узурпациялоо жүрүп жатат. Ал эми Бейшеналиевге келе турган болсок, аны кызматынан четтетип туруу — президенттин ыйгарым укугунда бар нерсе. Ал туура эле чечим. Башкы прокурор башка, ал Кыргызстандагы мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөй турган орган. Мына ошол органдын үстүнөн мыйзамсыздык, өкүмзордук болду. Бул бандиттик башкарууга алып барат. Парламентте эмне деген ызырынуулар чыгып жатат. Булар өздөрү мыйзамсыз хаоско кирип бара жатышат».
Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган. Тиешелүү жарлыкка ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Өткөн жылдын июнь айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Курманкул Зулушевге Юстициянын II класстагы мамлекеттик кенешчиси, генерал-лейтенант наамы ыйгарылган.